Мен көргөн бир күн: "Жигитинин ата-энеси "алып бербейбиз" деген кыз сансыз дары ичип алган"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаардык “Тез жардам” бөлүмүнүн фельдшери Руслан Исаев айтып берет.

Исаев Руслан 1993-жылы Нарын облусуна караштуу Кара-Булуң айылында төрөлгөн. Төрт бир туугандын улуусу. Үч иниси бар. 2009-жылы Кара-Булуң айылындагы орто мектепти аяктап, 2009-жылы Нарын медициналык колледжине тапшырган. 2013-жылы окуусун аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаардык “Тез жардам” бөлүмүнүн кардиология бөлүмүнө фельдшер болуп кирген. Ошол учурдан бери бул кызматта иштеп келет. Каарманыма өз кесиби жагат. Учурда бойдок.

Биздин жумуш өтө жоопкерчиликтүү. Күтүлбөгөн жана таң калычтуу окуяларга көп туш болобуз. Коронавирус учурунда элге кыйын болгону маалым. Анын ичинен өзгөчө “Тез жардам” кызматында иштегендерге да кыйын болду десем болот. Коронавирус убагында барктуу болгонбуз. Эл бизге аябай урмат көрсөтүп калган. Оору басаңдагандан кийин баягыдай урмат жок, кагып-силкип калышты. Өздөрү маал-маалы менен дарыларын ичишпейт, өздөрүн карашпайт. Ошонун натыйжасында оорунун кесепетинен "Тез жардамды" күтүп жата беришет.

Октябрь революциясында жумуштан сырткары элек. Ызы-чуу башталганын угуп түнү менен жардам берүү үчүн ишке жөнөдүк. Эл биздин станциянын алдын тосуп алыптыр. Таштар менен чапкылап, бери жагынан атып жатышат. Мекеменин ичинде башы жарылып, кан жалагандар отурат. Ошол күнү эжелер иштеп жаткан. Алардын ордун алмаштырдык. Жарадарларды ташып жаттык. Эл "Тез жардамдын" унаасын көрсө эле таш ыргытып жатышты. Биз 6 жарадарды салып №4 шаардык ооруканага алып бардык. Бир маалда бизге “бир бригададан дайын жок” деген маалымат түштү. Көрсө "Ала-Тоо" аянтынан чогулган эл бир бригадабызды кармап алышып, ичиндеги кызматкерлерге кол көтөрүшкөн экен. Алар качып кутулушуптур. Биз издей баштадык. Эл “Тез жардамдын” кызматкерлерин көрсө эле таш ыргыткандыктан формаларыбызды алмаштырып издеп чыктык. Ак Үйдү, "Ала-Тоо" аянтын айланып, элден сурап коёбуз. Кесиптештерибизди таң атканда саат 4-5терде таптык. Карасак кийимдери айрылган, үшүп калышкан, коркуп калышыптыр. Ошондо өлтүрүп коюшканбы деген ой келип, жаман болгонбуз. Аларды тапкандан кийин ушундай бир катуу сүйүндүк. Кудайга рахмат айтып ийдик.

Бир жолу таңкы саат 04:00-05:00 чамасында бир чакырууга барганбыз. Барсак күчкө толуп турган 40 жаштагы эркек киши "кечээ мончого түшкөм, жүрөгүм кысылып ооруп жатат" деди. Өзүнүн айтуусу боюнча, өмүрү тамеки чегип, ичимдик ичпептир. Кардиограммага тартсак, инфаркт аныкталды. Жүрөгүм кысылып жатат дегенинен ооруну басаңдатуучу дарыны бергенбиз. Бир кезде жүрөгү токтоду. Аны дефибриллятордун жардамы менен жүрөгүнүн согушун камсыздоого аракет кылдык. Аны менен бир сааттан ашык алыштык. Тилекке каршы, өмүрүн сактоого мүмкүн болгон жок. Суук кабарды аялына айтайын деп артка кылчайып карап, 3-4 жаштагы эки кичинекей баланын бизди мелтиреп карап турганын көрүп калдым. Анткени бөлмөлөрдү бөлүп турган эшик айнектен экен. Ошол жерден эки баланын бизди карап турганын көрүп аябай жаман болгом.

Бизге дары же уксус ичип алган жаштардан көп чакыруу түшөт. Көбүнчө дары ичип алгандарга барабыз. Барсаң алар эс-учу жок жаткан болот. Бейтаптын ашказанын жууйбуз. Ошондо бир аз эсине келе түшүшөт. Бир жолу кечке маал бир чакырууга барсак жаш кыз эс-учун жоготуп жаткан экен. Ата-энеси ал ичип алган дарылардын сыртын көрсөттү. Кыз өзүнө келгенден кийин үйүндөгүлөрүн сыртка чыгарып, кыздан бул кадамга барганынын себебин сурасам “жигитимдин ата-энеси баш кошуубузга каршы болуп жатат, жигитиме таарынып дары ичип алдым” деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
forever88
2021-11-12 22:33:15
Ата-мекендик согуш убагында да медиктерге ок атышкан эмес. Медиктер элдерге эмне кылышты. Андан [moderated] ичип жегендерди таш менен соккулашпайбы.
+10
Sajakat14
2021-11-13 17:33:51
Элдин медиктерге кол салганын түшүнө албай жатам! Же мүмкүн атайын башаламан салыш үчүн кожойунунан акча алып иштеп жаткан адамдардан болгондур медиктерге кол салгандар.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан