SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги, милициянын капитаны Мирлан Асилов айтып берет.
"2014-жылы болсо керек, Бишкектен бир өспүрүм кыз жоголуп кеткен. Издөө иштери жүрүп жаткан күндөрү ал кыз менен бирге башка 17 жаштагы өспүрүм кыз дагы табылып калды. Ошентип бир иштин артынан дагы башка көмүскөдө калган иш ачылган. Биз табылган өспүрүм кызды батирде жашап жүргөн жеринен көрүп, тийиштүү суроолорубузду бергенде ал окуянын чоо-жайын айтып берди. Көрсө, ал ата-энесине мен Ысык-Көлгө иштегени барып келем деп суранып үйдөн чыгып кеткен экен. Ал өзүнүн сүйлөшүп жүргөн жигитинен кош бойлуу болуп калып, ата-энесинен жашырып ичин таңып жүрүптүр. Анан 6 ай болуп калганда май айынын аягында көлгө иштеп келем деп үйүнөн кетип калган.
Кийин биз кыздын абалы менен таанышканда ал ар кимден жардам сурап, Кызыл-Аскерде 1 бөлмөлүү батир ижарага алып, ошол жерден үй шартында көз жарганы белгилүү болгон. Кыз ата-энеси билип калбасын деп жаңы төрөлгөн баласын сатып жиберген. Ал акчаны кыз болсо мына апа мен иштеп тапкам деп ата-энесине берип турган. Сатып алгандар ымыркайды Нарын облусунун Чоң-Арык айылына алып кеткен экен. Кийин кыз менен чогуу аталган айылга чейин барып, баланы алып келгенбиз. Биз кыздын ата-энесине "уул экен неберелүү болдуңуздар" деп түшүндүрүп өткөрүп бердик. Кыздын ата-энеси түшүнүү менен небересин багып алышкан. Атасы өзүнүн фамилиясын берген. Ал эми кыз менен жигиттин ата-энеси өз ара чечишип, бул маселеге чекит коюшкан", - деп билдирди ал.
"Жакында эле Жаңы жыл алдында өспүрүм кыз таштанды төгүп келем деген бойдон үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес. Анда мектеп окуучулары онлайн окуп жаткан мезгил болчу, бир сабагынан 3 деген баа алып калып, атасы оку деп урушуп коёт. Бир аздан кийин кыз таштанды төгүп келем деп кетип ошол бойдон жок болуп кеткен. Атасы кайрылгандан кийин издөөнү баштадык. Болгон камераларды карап, бизден жалпы 80дей кызматкер тартылган. Көрсө, кыз Жалдагы үйүнөн чыгып эле Магистраль көчөсүндөгү таенесине кетип калган экен. Кыз дагы таенеси дагы дайынын айтып койгон эмес. Бул кичинекей эле окуянын артында чоң эмгек жатат, издөө иштери бир күн уланган. Анан маалымат жоголду, табылды деп эле чыгат", - деп билдирди Мирлан Асилов.