Мен көргөн бир күн: Келишимдүү жигиттин кылтагына түшкөн 12 кыз

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу дагы биз сиздерге кызыктуу окуяларды башынан өткөргөн Бишкектин Октябрь РИИБинин басма сөз кызматкери, улук лейтенант Айбарчын Батырбекова айтып берет.

Ал 1991-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2015-жылдан бери укук коргоо органдарында иштеп келет. Ал алгач ишин Биринчи Май РИИБинде тергөөчү болуп иштөө менен баштаган. Айбарчын укук коргоо органдарына алардын кийген формасы үчүн келгем дейт. "Билбейм, биздин кийген формабыз абдан жагат, өзгөчө аялзатын сулуу, көрктүү, ошол эле убакта сүрдүү кылып көрсөтөт", - дейт ал.

Келишимдүү жигиттин кылтагына түшкөн 12 кыз

"Тергөөчү болуп иштеп жүргөн кез, бир жигит кармалды. Келишимдүү экен. Көрсө бул бала интернет аркылуу ар кайсы сайттардан кыздар менен таанышып, аларды кылтакка илип жүрүптүр. Анда ал кыздар менен көпкө чейин социалдык тармак аркылуу сүйлөшөт, андан соң жолугушууга кафеге чакырат. Жолугуп, тамактын кымбатын буйрутма берип, ичип бүтүп калганда кыздын телефонун бирөөгө чалып алуу үчүн сурап, сыртка чыгып из жашырчу экен. Бизге анын курмандыгы болуп калган кыз арыз жазып, кайрылды. Биздин кызматкерлер дагы аны менен интернет аркылуу таанышып, анан кармаганбыз. Ишти тергеп сотко өткөргөнгө чейин эле 9 кыз кайрылды. Андан кийин дагы 3 кыздан арыз түштү. Ошондо бул бала 12 кызга ушундай алдамчылык жасаган экен.

Жолду карасам эле сары топучан бала ары-бери өтүп жатат

Биринчи Май РИИБинде иштеп жүргөн кезде соода борборлордун жанынан өспүрүм дайынсыз болуп жатат деген билдирүү түштү. Айтылган дарекке жетип бардык. Апасы балам башына сары түстөгү баш кийим кийип жүргөн деп айткан. Биз издеп баштадык, бирок табылбай жатты. Аягында издөө жарыялоо чечимин чыгарып, баланын апасынан арыз ала баштадым. Жолду карап турсам эле сары топучан бала ары-бери эле өтүп жатат. Мен жакшылап карап эле "бул сиздин балаңыз го" деп эле кыйкырдым. Ага чуркап жетсем, формамды көргөндө өспүрүм коркуп кетти. "Апаң ушул жакта, коркпо" деп аны кармап, апасына тапшырдым. Эженин ыйлаганын сурабаңыз, баласын басып жыгылды. Ыйлап жатат, рахматын дагы айтып жатат, ал тургай сүрөткө да тартып алды. Бирок ал кезде азыркыдай болуп интернетке чыгарып жылдыз калмай деген жок болчу. Мен болсо күлүп: "бул биздин иш, болгону жумушубузду аткардык" дедим. Ойлосом, бала тегерегибизде эле жүргөн окшойт.

Жаңы салынган үйгө кире калсам, эркек киши асынып турат

Бул окуя мен жумушка жаңы кирип, баары кызыктуу көрүнүп турган чакта болгон. Мурас-Ордо жаңы конушунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Барсак ашканада аял кишинин жансыз денеси жатат. Тинтүү иштерин жүргүзүп эки жакты карап жүргөм. Үйдүн жанында жаңы салынып жаткан үй бар экен. Эч нерседен кабар жок эле кире калсам, эркек киши асынып турат. Чочуп кеттим. Көрсө ал аялдын күйөөсү экен. Аялын өлтүрүп андан соң өзү асынып алыптыр. Акыры айла жок экөө тең көз жумганына байланышуу ишти өндүрүштөн кыскарткам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tyty1990
2021-09-07 18:33:21
Менин айылым куршабдан экен
+2
Datka7777
2021-09-07 18:55:08
Куйоосу бар бекен?
+4
bela77
2021-09-08 09:26:16
Кечирип койгула не в тему жазам азыр, ушу органда иштеген кыздар айрыкча милицияда жаман шб болушат.Прям подряд, порядочныйын коро элекмин.Кээде кыздарды деле актап коем жалан эркектердин коллективинде иштейт балким кызыгуу, азгырык, вниманияга туруштук бере алышпайт деп. Бирок кыз киши учун скромныйлыктан откон нерсе барбы. Скромныйрак болгулачы органда иштеген айымдар.
+6
Datka7777
2021-09-08 09:42:22
bela77,туура эле баамдагансын
+5
alimbek94
2021-09-08 11:28:18
Datka7777,
Формасы өзүнө сонун жарашат экен жакшынакай болуп. Ден соолукта бол. Генералга чейин жет. Өзү сулуу дагы экен.
0
Miraida-toktosunova
2021-09-08 14:24:22
Менин досум дагы органда иштейт ишинерге ийгилик
0
nurdan2018
2021-09-08 14:56:56
А так фигура ничё
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан