Шайлоого бир мандаттуу округ боюнча 283 талапкер калды.
Маалыматка ылайык, 38 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Кечээ, 24-ноябрда 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
• Баткен облусу – 36 талапкер;
• Ош облусу – 44 талапкер;
• Жалал-Абад облусу – 44 талапкер;
• Талас облусу – 13 талапкер;
• Чүй облусу – 51 талапкер;
• Бишкек шаары – 27 талапкер;
• Нарын облусу – 24 талапкер;
• Ысык-Көл облусу – 39 талапкер.