Таласта соодагерлер ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты

Таласта соодагерлер контролдук кассалык машина орнотууга нааразычылыгын билдирип, митингге чыгышты.

Анда соодагерлер жаңы салык кодексин кайра артка кайтаруу талабын айтышты.

"Биз ККМди колдонууга каршыбыз. Себеби азыркы убакта өлкөдө пандемиядан кийин элдин абалы оор. Кымбатчылык болуп турган чакта мындай мыйзамды кабыл алып, андан кийин дагы кымбатчылык болушун каалабайбыз.

Жаңы Салык кодексине ылайык эки пункт бар экен. Биринчи кирешеси 8 миллион сомдон ашкандар, экинчиси 30 миллион сомдон көп киреше тапкандар.

Эгер кирешелер 8 миллиондон жана 30 миллион сомдон көп болсо, 12 пайыз КНС (кошумча нарк салыгы) төлөйт экенмин. Өзүм уюлдук телефондорду сатып иштейм. Бир жылда товар айлантуу 30 миллион болуп калат. Анткени бүгүнкү күндө телефондордун баасы кымбат.

Ижара акысы, электр жарыгынын чыгашаларынан тышкары дагы кирешенин 12 пайызын өкмөткө төлөй турган болсок, анда билбейм. Мисалы, өзүмдүн мээнет менен тапкан кирешемдин 12 пайызын өкмөт менен бөлүшкүм келбейт.

Эгер өкмөт пайызсыз насыя берип, иштеп бергиле десе анда буга макул болот элек. Өкмөт тарабынан эч кандай жардам болбогон соң биз каршыбыз", - деп билдирди соодагерлердин бири.

Ошондой эле алар өздөрүнүн талаптарын айтышты.

"Жаңы Салык кодексинде эгер ишкердин кирешеси 8 миллион сомго чейин болсо ал патент төлөөдөн бошотулат экен. Алар ККМди алып, патенттен бошотулса биз сыяктуу кирешеси 8 миллиондон көп ишкерлер патент менен эле иштей берсек.

Ушул маселени дыкат карап, туура чечим кабыл алса", - деп кошумчалашты соодагерлер.

Маалымат үчүн:
Буга чейин Бишкектеги "Дордой" базарынын, "Таатан" соода борборунун соодагерлери ККМди колдонууга каршы митингге чыгышкан. Ошондой эле Салык кодексине нааразы болгон ишкерлер өкмөт үйүнүн алдында талаптарын айтышты. Контролдук кассалык машина тууралуу шилтеме менен кирип окуй аласыз.




Таласта соодагерлер ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
EddieNigma
2021-12-28 10:03:36
"Мисалы, өзүмдүн мээнет менен тапкан кирешемдин 12 пайызын өкмөт менен бөлүшкүм келбейт."

Тааныштарыңа арзан, калганына кымбат саткан "мээнет менен тапкан" деп аталабы? Налогду "почти" баардык өлкөлөрдө төлөшөт, силерда төлөйсүңөр!
-1
bond02
2021-12-28 10:18:50
Ырас кыласынар, каршы болуп митингге чыгып койсонор бийлик кайра отмена кылат. Как будто соодагерлерге жакшы шарт тузуп берип койгондой.
-1
nurgaz
2021-12-28 11:33:37
Кыса турган жеринерди кысып митинг кылбай уйдо отургула. Мен мыйзамды колдоймун. Окмот байыса кыргызстан онугот. Сырттан карыз албайт. Эчкимге коз каранды болбойт. Неге тушунбойсунор акмактар.
+2
Antiradikal10
2021-12-28 12:20:34
Азамат!..... Кыйын математиктер отурат да. Бир айлык таза пайдасы 10мин сом болсо, киреше салыгы 6% болсо, Окмотко 6000 сом эмес, 600 сом толойт. 9400 сом озундо калат. Ижарага места алса аны унчукпай толошот да, Окмотко киреше салыгы тологусу келбегендери эмнеси?!
-2
Jacob.
2021-12-28 12:43:16
Antiradikal10, ошол бир айлык таза кирешеден 600 сом айына алып калса жан деп бермек баардыгы, тилеке каршы жаны кодекс доходтон алынып жатат 6%, таза кирешеден эмес.
Доход менен прибльды айырмалай албасан сен да азамат.
-1
Antiradikal10
2021-12-28 14:10:09
Jacob., Патент толоочу менен киреше салыгын толоочулорду болуу учун киреше коломун, орусча айтканда доходду же бир айлык соода коломун эсептеп, ошого ылайык 8 миллиондон аз же коп деши мумкун. Бул жерде мыйзамга каршы эч нерсе жок. Ал эми салык пайдадан, орусча айтканда прибылдан алынат, доходдон эмес. Мисалы сенин бир айлык кирешен же соода айлантуун 20 миллион сом болсо, ал эми таза пайдан бир айда 100 мин сомду тузсо, сен ошол таза пайдадан толойсун 6000 сом салык.
0
Jacob.
2021-12-28 14:15:53
Antiradikal10, жаны кодексти окусан андай эмес экен, эгерде бир жылда 8 миллион акча айлантсан анын 6% окмоттуку экен, сенин таза кирешеңден эмес, соодагерлер ошого какшанып жатышат..
эгер ушул мыйзам кучуно кирсе товарга дагы 6% кошулду дей бергиле, ортодо баягыле карапайым элге кыйын, акчанын кучу кетип баратат. Барып барып озбекстан болобуз бул кетиште.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан