Милиция баңгизатка байланыштуу эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

Милиция баңгизатка байланыштуу эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусунун кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте эл аралык байланыштары бар баңгизаттарын ташуу менен алектенген кылмыштуу топту колго түшүрдү.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу Өзбекстан жана Казакстан, Орусиянын аймагына ири көлөмдө Ооганстанда өндүрүлгөн оор баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, контрабандалык жол менен баңгизат ташуу фактысы аныкталган. Тактап айтканда, 4-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Бишкек шаарынан кармалып, анын жанынан спорттук сумканын ичине салынган баӊгизатына окшогон 10 даана жана гашиш баӊгизатына окшогон 1 даана скотчко оролгон заттар алынган.

Аталган кылмышка тиешеси бар болгон жарандарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Маданият» чек ара өткөрмө бекетинен Ноокен районунун тургуну К.А. Өзбекстан Республикасынын аймагына өтүү учурунда кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 2 килограммдан ашык болгон Ооганстанда өндүрүлгөн гашиш баӊгизаты алынган. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган Н.М. жана К.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2021-12-30 20:37:35
Кебетелерин коргозсо болбойбу ушуга окшогон ит уруктардын.Тоок уурдасан жети атандын суротун кайын журтунду кошуп жарыя кылышмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан