Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунда Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулуна Казакстандын аймагына беш жылга кирүүгө тыюу салынды. Мындай чечим Алматы облусунун Райымбек райондук соту чыгарганын ТИМден билдиришти.
ТИМдин маалыматына ылайык, кечээ, 23-февралда Алматы облусунун Райымбек райондук сотунда чек араны мыйзамсыз басып өткөн Кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун соту болду.
"Сот Сыймык Өмүрбек уулуна айып пул жана Казакстандын аймагына беш жылга кирүүгө тыюу салган чечим чыгарды.
Учурда ал камактан бошотулуп, жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып берилет", - деп билдиришти ТИМден.
Маалымат үчүн:
Эске салсак, 10-январда Казак чек арачылары 1999-жылы туулган С.у.О. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Шектүү мал жайып жүрүп Казакстандын аймагына өтүп кеткен. Көп өтпөй Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.