Ош шаарындагы батирлердин биринде эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2022-жылдын 6-мартында Ош шаарындагы Атабаев көчөсүндөгү батирден 30-35 жаштардагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул жарандын аты-жөнү аныкталбаганына байланыштуу коомчулуктан жардам сурайбыз", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Белгилери: Боюнун узундугу 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү арык, жашы болжол менен 30-35 чамасында. Өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү кышкы күрмө, кара түстөгү жеңи кыска футболка, көк жынсы шым жана кара спорттук бут кийим.
Жогорудагы жаран тууралуу маалыматы барлар (03222) 4-82-82, 0501 11-11-31, 0777-26-24-17 жана 0779 41-41-11 телефондоруна кабарласа болот.