SUPER.KG порталына 16 жыл! Туруктуу окурмандарыбыздын, өнөктөштөрдүн ишеними үчүн кызмат кылууну уланта беребиз

Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыргыз тилдүү окурмандарды ар тараптуу маалыматтар менен кабардар кылган SUPER.KG порталына бүгүн, 28-мартта 16 жыл болду.

2006-жылы 28-мартта SUPER.KG порталы ишке кирген. Порталдын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, Кыргыз мамлекетиндегилерди гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөйт. Ал кыргызча сайт ачууну максат кылып, бул оюн бир жылга жакын бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырган.


SUPER.KG
порталы бардык тармактын "башын бириктирип", колдонуучуларына уникалдуу шарт түзгөн. Биздин сүйүктүү окурмандарыбыз бир эле учурда порталыбыздан форумга катышып, видео, тасма көрүп, жаңылык окуп, ыр угуп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат.

2006-жыл. 28-март. SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.

2008-жыл. 23-апрель. SUPER.KG порталы "Медиа-портал" менен толукталган. Бул маалда кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда болуп, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Албетте, анын баары порталга жайгаштырылган.

2008-жыл. 21-октябрь. "Медиа-порталда" популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алган. Ушул эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган. Бул бөлүмдүн кызматкерлери эксклюзивдүү видеобаяндарды, пайдалуу кеңештерди сунуштап, өнөрпоз, саясатчы, спортчулардан баштап түрдүү кесип ээлерине микрофон сунуп келишет.

2010-жыл. 24-апрель. "Медиа-порталда" "Элдик видео" бөлүмү ачылды. Бул бөлүмдө ар бир колдонуучу өзү каалаган видеолорду жүктөп келет.

2011-жыл. 28-июнь. Порталда "Жылнаама" бөлүмү ишке кирди. Анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн.

2011-жыл. 26-октябрь. Порталдын колдонуучулары окуп, көрүп, комментарий жазып гана тим болбостон, ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. Бул күнү "Оюндар" бөлүмү ишке кирди. Мезгилдин өтүшү менен порталда кызыктар арбып баратты.

2012-жыл. 17-апрель. Акырындык менен мобилдик интернетке суроо-талап өсө баштады. Сайттын мобилдик версиясы иштелип чыгып, колдонуучуларга "Медиа-порталдан" ыр угуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2012-жыл. 24-октябрь. Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.

2014-жыл. 2-май. Акыркы жылдары кыргыз жеринде жаш режиссёрлор боор көтөрүп, тартылган тасмалардын саны арта баштады. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.

2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты.

2015-жыл, 2-апрель. “Соңку кабар” бөлүмүндөгү “Элдик кабар” рубрикасы борборго тиешелүү деңгээлде жаңылык жеткире албаган айыл элин, чет жерде жүргөн мекендештерибизди жана жалпы окурмандарына маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү. “Элдик кабар” учурда эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди район, облус жетекчилерине, өкмөткө жеткизүүгө шарт түзүп, буга катар мекендештердин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин коомго көрсөтүүдө. Муну көз жаздымда калтырбай, порталыбыз ар ай сайын жеңүүчүнү аныктап, заманбап смартфон менен сыйлап келет.

2016-жыл, 9-декабрь. Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концерт өтүп, 16 сулуу "Супер сулуу" наамы үчүн ат салышып, ага катар ырчылар обон созуп, күлкү жаратуучулар элди шаңга бөлөшкөн.

SUPER.KG порталы бүгүнкү күндө Кыргыз жергесинде эң ири кыргыз тилдүү сайт. Анын тарыхында көптөгөн жаңылануулар болуп, акыркы бир жылда 5 миллион 616 миңден ашуун колдонуучу баш баккан.

Туруктуу окурмандарыбыздын, өнөктөштөрдүн ишенимине ээ болдук. Биз жылына 365 күн, айына 30, аптасына 7 күн, суткасына 24 саат кызмат көрсөтүүнү улантабыз жана бул бийиктик биз үчүн чек эмес экенин белгилегибиз келет.

28-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан