Доллардын куну түшүп, пенсия көбөйөт... Апта ичинде орун алган орчундуу окуялар

Өлкөдө бир жума аралыгында көптөгөн окуялар орун алды. Алардын ичинен өзгөчө доллардын баасы арзандаганы, пенсиянын көлөмүн көбөйтүү маселеси каралып жатканы менен эсте калды.

Апта башы муфтият битир-садаканын баасын бекитип, Орозо 2-апрелде башталарын жарыя кылган жаңылык менен башталды.

Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров 1-октябрдан тарта пенсияны дагы 1800 сомго көбөйтүү маселеси каралып жатканын айтып, пенсионерлердин кубанычына ортоктош болуп калды.

Бир апта мурун доллардын баасы кымбаттап, азык-түлүктүн баасы "асман чапчып" калган эле. Убакыттын өтүшү, дүйнөдө болуп жаткан түрдүү кырдаалдардан улам АКШ валютасынын курсу төмөндөп, элдин санаасы тынчып, атүгүл кумшекердин баасы арзандай түштү.

Акылбек Жапаров республикадагы бардык мал базарларды иретке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырып, иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берди.

Дүйнөдөгү маданият, илим, билим багытындагы эң абройлуу уюмдардын катарында турган ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы болуп Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев дайындалганын Түркияда жүргөн кесиптешибиз билдирди. Белгилей кетсек, аталган уюмга Кыргыз өлкөсү биринчи болуп башчылыкка көрсөтүлүп жатат.

Күн жылып калгандыктан Бишкек шаарында жылуулук берүү 4-апрелде өчүрүлө турган болду.

Быйыл Корея өлкөсү Кыргыз жарандары үчүн 1 800 жумуш орунга квота бөлсө, Улуу Британия ишке орношуу үчүн Кыргыз жарандарына миң квота бөлгөнү маалымдалды.

Жуманын аягы доллардын баасы арзандап, май айындагы майрамдарга байланыштуу 9 күн катары менен эс алуу сунушталган жагымдуу жаңылык менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан