Министрлер кабинетинде тоо-геологиялык тармакты өнүктүрүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монгол Республикасынын өкүлдөрү менен тоо-геология тармагындагы реформалардын тажрыйбасын изилдөө боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүү, пайдалуу кендерди инвентаризациялоодо эл аралык тутумду пайдалануу, тоо-кен тармагындагы мыйзамды тартипке келтирүү, ошондой эле геологиялык-иликтөө иштерин жүргүзүүдө отчёттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, тоо-кен тармагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналат жана ага акыркы мезгилде мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, учурда жаңы Тоо кодексин иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Монголиянын өкүлдөрү тоо-геологиялык тармакты өнүктүрүүдөгү өз тажрыйбасы менен бөлүштү, анда пайдалуу кендердин запастары боюнча отчёттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитеттин тутумуна шайкеш келген кен казып алуунун кеңири колдонулуучу эл аралык системасына өтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан