"Олимпиада катышуучуларын даярдаган". Казакстандын федерациясы Ысык-Көлдө каза болгон машыктыруучу тууралуу үн катты

Казакстандын жеңил атлетика федерациясы Ысык-Көлдүн Комсомол айылында жол кырсыгынан каза болгон машыктыруучу тууралуу үн катты.

Федерациянын маалыматы боюнча, Жузгенбаев Мурат Туабаевич СССРдин спорт чебери, жогорку квалификациялык деңгээлдеги машыктыруучу болгон.

"Ал төрт Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана спорт чеберлерин, Казакстандын көптөгөн чемпиондорун даярдаган", - деп айтылат Казакстандын жеңил атлетика федерациясынын маалыматында.

Ошондой эле федерация машыктыруучу 3-июлдан 20-июлга чейин Чолпон-Атага машыгуу сборуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү Комсомол айылына жакын жерде Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө сүзгөндүгүн билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан