Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин улантууга саат 06:55те Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 6 куткаруучу, 4 суучул моторлуу кайык менен чыгышкан.
"Мындан сырткары туугандарынан кайык менен 10 адам тартылды. Жалпысынан 32 адам издеп жатышат.
Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасына байланышканыбызда, издөө иштерине дрон жана ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын билдирген.
Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.