Тайвань өкмөтү 9-11-август күндөрү Пиндун аймагындагы Фэнган деңиз портунда аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, аралдын аскердик департаменти мындай чараларды Кытайдын аскерлеринин Тайвандын айланасында өткөргөн машыгууларына байланыштуу кабыл алган. Машыгуулар алдыда болуусу мүмкүн делген аскердик операцияларга байланыштуу Тайвандын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн текшерүү максатында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Кытай Элдик боштондук армиясы 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга келген күнү аралдын айланасында аскердик машыгуу өткөрөрүн жарыялаган.
Тайвань 1949-жылы жарандык согуш маалында Кытайдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Пекин аралдын көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өзүнүн провинциясы деп эсептейт.