Корея Элдик Демократиялык Республикасынын башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Йе Чондун агасы COVID-19 илдети менен кантип күрөшкөнүн жана кандай кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн айткан видеосу тарады.
Анда Ким Чен Ындын коронавирус илдети менен ооруган убакта даам жана жыт сезбей калгандыгы айтылат.
Мамлекет башчысынын оору менен алышкан убактары баяндалып жатканда залда отурган аткаминерлердин көпчүлүгү көз жашын тыя алган эмес.