Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Твиттер социалдык тармагын кандай максатта алгысы келгенин айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жарыяланды.
Анын айтымында, ал муну пайда үчүн эмес, эл ишене турган аянтча кылуу үчүн жасагысы келет.
"Мен Твиттерди акча үчүн гана сатып албайм. Менин оюмча, адамдарда идеяларды алмашуу үчүн максималдуу түрдө ишенимдүү жана инклюзивдүү куралы болушу керек. Ага толук ишене билүү үчүн болушунча ачык болушу зарыл", - деген ал.
Буга чейин Илон Маск Твиттер социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алгандыгы айтылган. Көп өтпөй Маск Твиттерди сатып алуу боюнча келишимдерди убактылуу токтоткон. Ал эми Твиттер компаниясы 44 миллиард долларга бааланган келишимди бузгандыгы үчүн миллиардерди сотко берген.