Кыргыз жергесинде бир апта ичинде орун алган окуялардын орчундууларын тизмектедик.
Анда сөз башынан болсун.
Апта башында бир күндө 4 министр: энергетика министри Доскул Бекмурзаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулду.
Президенттин жарлыгына ылайык, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министри Алтынбек Максутов, энергетика министри болуп Таалайбек Ибраев жана транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев болду.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдирип, анын ордуна Нурланбек Шакиев дайындалды.
Кыргызстандыктар ноябрда катары менен 4 күн эс алышат. Буга удаа Социалдык фонд октябрдан тарта көбөйтүлгөн пенсиянын орточо өлчөмүн айтты. Маалымдалгандай, буга чейин өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 6 100 сомдун тегерегинде болчу. Ал эми Каракол шаарында Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү завод курулмай болду. Ошону менен бирге ишти аткаруу максатында белорусиялык компания менен келишим дагы түзүлдү.
Ички иштер министрлиги Орусиянын аймагына кирүүдө жаңы мыйзамдар күчүнө киргенин билдирди. Ал эми мэрия Бишкекке жылуулук 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан төмөндөгөндө берилерин маалымдады.