"Жети миллионунчу жараныбыздын абалы жакшы. Апасынын да абалы жакшы. Кийинки жумада үйүнө чыгарабыз", - деп билдирди SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Жыргалбек Кадыров.
Башкы дарыгер учурда эне менен бала медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө экенин билдирди.
“Ымыркай шаарыбыздын Султанов көчөсүндө жашаган үй-бүлөдө төрөлдү. Баланы операция жолу менен эмес, апасы өзү жарыкка алып келди”, - дейт дарыгер.
Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлгөн. Ал фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 900 грамм, бою 54 сантиметр.
Ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши менен президент Садыр Жапаров куттуктап, ага Жакшылык деген ысымды ыйгарган.
Наристенин депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно ала турганы айтылды.