"Жети миллионунчу болуп төрөлгөнүбүздү эртең менен президент чалганда билдик", - дейт Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Айжаркын Сыраждинова.
Учурда өзүнүн жана баласынын ден соолугу жакшы экенин айткан эне кубанычы менен бөлүштү.
"Аябай кубанып турабыз. Чындыгында миллионунчу болобуз деп күткөн эмесмин. Кудайга шүгүр. Президенттин өзүнөн ысым коюп бериңиз деп сурандык. Кыргызстанда жакшылык, өнүгүү болсун деген жакшы ниет менен Жакшылык деген ысым ыйгарды. Келечекте Кыргызстандын керегине жараган чыгаан уулдардан болуп чоңоюшун тилек кылам", - дейт жети миллионунчу жаранды жарык дүйнөгө алып келген апа.
Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлгөн. Ал Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Апасы - Айжаркын Сыраждинова 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 900 грамм, бою 54 сантиметр.
Ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши менен президент Садыр Жапаров куттуктап, ага Жакшылык деген ысымды ыйгарган.
Наристенин депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно ала турганы айтылды.