Жети миллионунчу Жакшылыктын үй-бүлөсүнө Кызыл-Кыя шаарынан 6 сотых жер тилкеси берилет

Жети миллионунчу Жакшылыктын үй-бүлөсүнө Кызыл-Кыя шаарынан 6 сотых жер тилкеси берилет. Бул тууралуу шаар мэри Асылбек Маткалыков жаңы төрөлгөн ымыркайдан кабар алган учурда белгилүү болду.

"Жети миллионунчу жаран биздин шаарда төрөлгөнүнө абдан кубанычтабыз. Жакшылыктын арты менен өлкөбүздө бир гана жакшылыктар болушун каалайм. Аталган үй-бүлөгө шаардык бийликтин атынан дагы сөзсүз түрдө социалдык колдоолор болот. Президентибиз тапшырма берип, наристеге 1 миллион сом которулду. Ал эми жергиликтүү бийлик шаардан 6 сотых жер тилкесин бөлүп берели деп чечтик. Анткени бул үй-бүлө ата-энесинин үйүндө жашайт экен", - деди шаар мэри.

Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлгөн. Ал Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Апасы - Айжаркын Сыраждинова 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 900 грамм, бою 54 сантиметр.

Наристенин жарык дүйнөгө келиши менен президент Садыр Жапаров куттуктап, ага Жакшылык деген ысымды ыйгарган.

Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно ала турганы айтылды.

Жети миллионунчу Жакшылыктын үй-бүлөсүнө Кызыл-Кыя шарынан 6 сотых жер тилкеси берилет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан