Асылбек Жээнбеков: "Биз жакын арада таза парламенттик башкаруу формасына өтө албайбыз"

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада парламентаризмге байланышкан негизги маселелерге кеңири токтолуп, пикирин айтты. Төмөндө төраганын сөзү.

“Урматтуу айымдар жана мырзалар! Учурда Кыргызстан коомчулугунда парламентаризмге тиешеси бар бир нече негизги маселелер козголууда. Мен ушул суроолорго жооп бере кетейин. Биринчиcи – бизге кандай мамлекеттик башкаруу формасы ылайыктуу болот: парламенттикпи же президенттикпи деген маселе. Чындыгына келгенде өнүккөн демократизм үчүн бул маселенин анчалык мааниси деле жок. Бул жерде кеп кандай башкаруу формасы болбосун парламенттин конституциялык тең салмактуу ордун жана ролун, ошону менен бирге жоопкерчилигин камсыз кылуу зарылдыгында турат.  

Бирок Кыргызстандын шартында бул маселе принциптүү мүнөзгө ээ болду, анткени буга чейин президенттик башкаруу авторитаризм жакка ооп туруп алды. Ошондуктан учурда таза парламенттик башкаруу болбосо да, өкүм сүрүп жаткан парламенттик-президенттик башкаруу формасы позитивдүү роль ойноодо. Калк ичинде айтылып келе жаткан ар кандай сын-пикирге карабастан, азыр мамлекеттик бийликтеги ачык-айкындык камсыз кылынууда.  

Биз, албетте, жакын арада таза парламенттик башкаруу формасына өтө албайбыз, буга коомдун социалдык структурасы, партиялык түзүлүштүн абалы, калктын саясий жана укуктук маданиятынын деңгээли азырынча мүмкүндүк бербейт, бирок келечекте ушуга умтулуубуз керек деп ойлойм.  

Экинчиден, парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин түзүү жана алар боюнча добуш берүүнү жүргүзүү маселеси. Өткөн шайлоонун практикасы көрсөткөндөй, бул маселе парламенттик шайлоону уюштуруунун эле эмес, партиялык курулуштун да көйгөйлүү маселеси болуп саналат. Бирок бул маселенин болушу партиялык тизмени жерип, өз алдынча талапкерлерди шайлоо практикасына өтүүгө негиз бербейт.  

Себеби парламенттеги көпчүлүктү жана оппозицияны түзүү маселеси парламенттеги партиялык фракциялар аркылуу ачыкталууга тийиш. Саясий позициясы жана уюмдашуу формасы ачык эмес, ар кандай баалуулуктарды карманган, ар кандай максаттарды көздөгөн депутаттардын арбын болушу, ал парламенттеги позициялардын, демек, парламенттин өзүнүн туруксуздугуна алып келүүсү мүмкүн. Мында аткаруу бийлигин түзүүдө жана анын ишин көзөмөлдөөдө терс жагдайлар келип чыгуусу ыктымал.  

Үчүнчүдөн, азыркы иштеп жаткан жана келечекте шайланып келүүчү парламенттин структурасын жана иштөө тартибин оптималдаштыруу маселеси. Ар кандай себептер менен парламенттеги партиялык фракцияларда бөлүнүп-жарылуу келип чыкты. Айрым депутаттар өздөрүнчө эркин депутат болуп жүрүшөт, айрымдары фракциялардан тышкаркы депутаттык топторду түзүштү. Бул азыркы учурда айласыздан жасалган жумуш.  

"Көч бара-бара түзөлөт" дегендей, кийинки чакырылыштарда, келечекте партиялык бирдей идеяларды карманган, окшош баалуулуктарды барктаган, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө карата бирдей позицияларды тутунган партиялык депутаттык фракциялар гана болору түшүнүктүү.   

Төртүнчүдөн, парламенттин ишин уюштуруу маселеси. Учурда Кыргызстандагы коомдук акыл ойдо Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны жана анын аппаратынын саны көп, парламенттке кеткен чыгымдар да көп деген пикирлер айтылууда. Бирок парламент өкүлчүлүктүү орган, ал чечимдерин квалификацияланган же жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Ошондуктан депутаттардын саны өтө көп да эмес, өтө аз да эмес, оптималдуу болушу парламенттин натыйжалуу жана майнаптуу иштөөсүнүн шарты жана өбөлгөсү болуп саналат.  

Ушул себептерди эске алсак, азыркы парламенттеги 120 депутаттардын санын өтө көп деп айтууга негиз жок.  Ошондой эле депутаттарды аппараттык жана материалдык-техникалык жактан тейлөөнүн, алардын иштөөсүнө шарт түзүүнүн маселелери боюнча да ар кандай карама-каршылыктуу пикирлер бар. Коомчулуктун сын-пикирин эске алып биз акыркы эки жылда Жогорку Кеңештин чыгымдарын азайтуу, кызматкерлердин санын олуттуу кыскартууга бардык. Бул маселелерди ар тараптуу жана терең талдоого алып, учурдагы жагдайга туура келген оптималдуу чечимдерге жетишүү максатка ылайыктуу болот.  

Бешинчиден, парламенттин коомчулук, шайлоочулар менен карым-катнашын, байланышын уюштуруу маселеси. Анткени парламент – бардык бийлик бутактарынын ичинен элге жакын, эл менен бийликтин ортосундагы байланышты камсыздоочу негизги көпүрө болуп саналат. Бул жерде мындай карым-катыш, байланыш парламенттин, мыйзам чыгаруу бийлигинин укуктук табиятына жараша болгону дурус. Азыр депутатты ар кайсы чөлкөмдөгү шайлоочулардын чарбалык жана социалдык маселелерин чечүүгө тийиш өкүл-түрткүч катары караган көз караш басымдуулук кылат.  

Албетте, шайлоочулардын жергиликтүү көйгөйлөрүн аткаруу бийлигине жеткирүү, алардын аткарылуусун талап кылуу да керек, бирок эң негизгиси, парламент – керектүү жана натыйжалуу мыйзамдарды чыгаруу жана алардын аткарылышын парламенттик иштиктүү көзөмөлдөө аркылуу өз милдетин аткара тургандыгын унутпообуз абзел. Жогоруда белгиленгендей, заманбап кыргыз парламентаризмин калыптандыруу, өнүктүрүү жана өркүндөтүү жагында алдыбызда абдан зор жана орчундуу милдеттер турат”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан