Стамбулда орун алган жарылуунун себеби белгилүү болду

Бүгүн, 16-ноябрда Стамбулдун Фатих районундагы жарылуу унаанын техникалык бузулушунан улам чыккан. Бул тууралуу күйүп кеткен унаанын ээси Sozcu гезитине билдирди.

«Мен айдап баратып дизелдин жытын сездим. Банкоматтан акча алуу үчүн токтоттум. Бул маалда унаа күйүп, өрт кошуна унааларга да өттү», - деген унаанын айдоочусу.

Анын унаасын каптаган өрт көп өтпөй башка унааларга өткөн. Анын кесепетинен окуя болгон жерге жакын жайгашкан имарат жана банкомат да зыянга учураган.

Гезит белгилегендей, полиция жана өрт өчүрүүчүлөр теракт же өрт коюуну көрсөткөн издерди таба алышкан жок.

Белгилей кетсек, бүгүн Стамбулдун Фатих районунда жарылуу болуп, унаалар күйүп кеткени айтылган. Ал эми 13-ноябрда Стамбулдун Бейоглу районундагы Истиклал көчөсүндө жардыруу орун алганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан