Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында айтылат.

"Борбордук шайлоо комиссиясы Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын шайланган президенти катары каттады. Шайланган президенттин ант берүү күнү 26-ноябрга белгиленген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев 81,31 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан