Орусиянын мамлекеттик думасынын дагы бир депутаты Дмитрий Новиков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин өлкөдөгү башка тилдерден алынган конуштардын аталышын өзгөртүү демилгесин сынга алды.
Депутат Шакиевдин билдирүүсүн Бишкекти Орусиядан ажыратуу чакырыгы катары сыпаттаган.
"Эгер мен Орусиянын жетекчилигинин ордунда болсом, мындай чечимдерге нааразы болгон позициямды билдирүү үчүн конфронтациясыз реакция кадамы жөнүндө ойлонмокмун. Өтө олуттуу терс процесстер, бир караганда майда-чүйдө нерселерден башталат жана аларды эң алгачкы этапта токтоткон жакшы", - деген Новиков.
Буга чейин Орусиянын дагы бир депутаты Светлана Журова Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү демилгесин сынга алып, Кыргызстан Украинанын жолун жолдоп жатат деп билдирген болчу.