Бүгүн, 17-январда ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ырчы болгону 32 гана жашта эле.
Бегимай Бекбоева 1990-жылдын 27-февралында Нарын шаарында туулган. Алгачкы жолу сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан. Атасы обончу, аткаруучу Токторбек Бекбоев, апасы куудул жана актриса Жаңыл Кудайбергенова.
Ырчы бир нече тасмаларга тартылган. Ал алгач ирет актёрлукка болгон тушоосун “Кылмыш” тасмасында кескен. Анда Бегимай Бекбоева тоскоолдуктарды кыйналбай жеңип, ролун мыкты жаратууга жетишкен. Кийинчирээк Айбек Карымов режиссёрлук кылган “Эгиз тагдыр” тасмасында терс каарман Айкыздын ролун аткарган.
Бегимай Бекбоева интервьюларынын биринде: "Кээ бир ырчылар 10 күн гастролдосо эле чарчап кетишет. Мен, тескерисинче, үйдө отурсам жүдөп кетем да, атама "гастролго чыгалычы" дей баштайм. Бир чыкканда 3 айлап жүрө берем. Кыш мезгилинен башка убакта тынбайм. Мен барбаган жер түштүктө эле калды окшойт. Буюрса, жаз башталары менен түштүктүн айылдарын бүтүн кыдырайын деп жатам. Калган аймактарда менин үнүм жаңырбаган айыл калган жок. Барган жериме кайра бир жылдан кийин барам. Кыскасы, мени Бегимай Бекбоева кылып элге тааныткан гастроль болду", - дегени бар.
Ырчынын ата-энеси белгилүү куудулдар Токторбек Бекбоев менен Жаңыл Кудайбергенова эки айрым жолго түшүшкөн. Бегимай Бекбоева 2016-жылы берген интервьюларынын биринде ата-энесинин ажырашуусу ага чоң сокку болгондугун айткан. "Ата-энемдин ажырашып кеткенине 5 жыл болду. Бул жылдар аралыгында эч кимге сыр билгизбей жашап жүрдүк. Башында чын эле ажырашпаса керек, убактылуу таарынышып жаткандыр деп ойлоп жүргөм. Бирок андай болгон жок. Апамдын кетип калышы бизге чоң сокку болду. Ошондон кийин күйөөгө чыксам балдарымды таштабайм деп өзүмө сөз бергем", - деген Бекбоева.
Андан сырткары ал окуядан соң апасы менен мамилеси начарлаганын, таарынычы барын жашырган эмес. "Кыргызда "ата-эненин ыраазычылыгын алмайынча ишиң жүрбөйт" дейт. Жаңы жылдын астында апама чалып байланышканга аракет кылгам. Ошондо дагы бир жолу апам үчүн кыздарынан дагы достору маанилүү экенин түшүндүм", - деген ырчы.
2017-жылы ырчы "Сүйүүмдү таптым, жакында турмушка чыгам, сөйкө салып кетишти. Кайненем мени жактырып сүйүнүп жатат" деп жеке турмушунда боло турган өзгөрүүнү жар салган.
2019-жылы дарыгерлер ырчынын баш мээсинде шишик бар экенин аныкташкан. Ошол эле жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда башына операция жасалып, шишикти алып салышкан.
Ошол эле жылы Бегимай Бекбоева турмуш жолуна узаган. "Жолдошум Лейлектин кулуну болот, экөөбүз теңбиз. Жазында баш кошуп, тууган-урукка чакан той бергенбиз. Учурда наристе күтүп жатабыз. Жолдошум жеке жашообузду элге жарыялоону каалабайт. Мындан улам турмушка чыкканымды жакындарыма гана айткам. Бирок көптөгөн күйөрмандарым "эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?" деп тынчсызданып жатышкандыктан, кыскача маалымат берип коюуну туура көрдүм. Кудай буюруп аман-эсен көз жарып алсам, анан чыгармачылыкка киришем. Жолдошум, кайын журтум чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганыма каршы эмес. Көз тиет деген ырым бар эмеспи, андыктан көз жарганча наристе тууралуу кенен маалымат айтпай туралы деп чечтик",- деген ырчы.
2020-жылдын 22-март күнү тун наристесин жыттап, эне болуу бактысын сезген.
Ырчы "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталына берген акыркы маегинде алгач ата-энесинин ажырашуусу, кийин өзүнүн ажырашуусу, депрессиядагы абалы жана башкалар тууралуу айтып берген.
"Бардык инсандар сыяктуу менин да башыма сыноолор келди. Бирок ал сыноолордон өттүм деп ойлойм. Элге өзүмдөй ишенип алып, ишенимим талкаланганда кыйналып калам. Ушундан улам жашоомдо катуу сындым, тайгаландым, адаштым. Бирок, шүгүр, кайра турганга эрким жетти. Мына ушундай абалда кимдин ким экенин билдим. Апаң, бир тууганыңдан башка эч ким жаныңда болбойт экен.
Бир жылдары “башыңда шишик бар” деген диагноз коюлганда эмне кыларымды билбей калгам. “Ушинтип эле жаш боюнча өлүп каламбы?” деген ой басып жүргөндө чыгармачыл чөйрөдөгү эле досторум аркылуу ал жигит менен таанышып калдым. Башында дос элек, онкология ооруканасында жанымдан чыкпай камкордук көрүп, кошо чуркап жүрдү. Операция ийгиликтүү болуп, шишик алынды. Ошондо врачтар “турмушка чыгып балалуу болушуң керек, ошондо коркунуч толугу менен кетет” дешти. Ата-энем ажырашканда Канттагы үйүбүздү мага каттатып беришкен. Машинам, чакан бизнесим бар эле. Чыгармачылыгым жакшы нукта бараткан. Ошол учурда турмушка чыкканга муктаждык болгон эмес. Баламдын атасы мени жакшы көрөрүн айтып, атамдын алдына барып колумду сурады. Атам “18 жаштагы кыз эмессиң, байка. Сага жакса, жашап кетериңе көзүң жетсе чыга бер” деди. Ошентип жашап калдык. 5 айлык боюмда бар кезде ал чет өлкөгө иштегени кетти.
Мени таштап кетип калды деп айтпайм. Жылдызыбыз келишпей калды, эки башка жолго түштүк. Ал ошол жактан башка аялга үйлөндү деп уктум", - деген ырчы.
Бегимай Бекбоева апасы менен мамилеси жакшы нукка өзгөргөндүгүн айтып, төмөнкүлөргө токтолгон.
"Ата-энем ажырашканда мен бала болчумун. Андай учурда бирөөлөрдүн сөзүнө тез кирип кетет экенсиң. Апам тууралуу сөздөрдү угуп, “апам ушундай турбайбы” деп таарынып жүргөн учурларым болду. Апам менин чоңоюшумду күтүптүр, “кийин балалуу болгондо түшүнөт” деген экен. Мен апамдын кадырын чын эле балалуу болгондон кийин билдим, кечирим сурадым. Азыр жанымда кеңешин айткан, жөлөк болгон апам. Атам өзүнүн үй-бүлөсү менен жашайт. Экинчи апабыз менен сый мамиледебиз. Атамды жакшы карап жүргөнү үчүн ал кишиге да ыраазымын. Азыр баары жакшы", - деген Бекбоева.