"Өмүрүнө коркунуч жок". Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Белгиленгендей, операция ийгиликтүү өткөн.

"Биринчи президенттин өмүрүнө коркунуч жок. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген Айдос Укибай.

Ал эми операция Улуттук кардиохирургия борборунда белгилүү кардиохирург Юрий Пьянын жетекчилиги астында жасалганы айтылат. Айрым басылмалар анын 12 жыл Кыргызстанда эмгектенгенин жазышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Назарбаевдин Астанадагы ооруканалардын бирине жаткырылганы кабарланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан