Памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алайга 400 үй курулат

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

"Өлкө жетекчилиги Ооганстандын кичи жана улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
udoqawje
2023-01-25 15:21:00
! ! !
-1
Antiradikal12
2023-01-26 09:19:00
Памирде суукта кыйналган кыргыз боордошторго кайра эле суук жерге уй куруп бересинерби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан