Түркиядагы зилзала: Эрдоган кыйраган үйлөр качан куруларын айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөдөн зыян тарткан 10 облуста бир жылдын ичинде жаңы үйлөрдү кура тургандарын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Андагы маалыматта, Эрдоган Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн курулган чатыр шаарчага барганы айтылат. Ал алгач жетекчилерден аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алып, андан соң жер титирөөдөн жабыркагандар менен жолугушту.

Түрк лидери жер титирөөдөн зыян тарткан 10 облуста бир жылдын ичинде жаңы үйлөрдү кура тургандарын айтты жана зилзаладан жабыркагандардын Анталья, Аланья жана Мерсинде келишим түзүлгөн мейманканаларда жашай ала тургандарын белгиледи. Ошондой эле каржылык колдоо көрсөтүлөрүн да кошумчалады.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзаладан 9 миң 57 адам көз жумса, 52 миң 979 жаран жабыркаган. Мындан тышкары 6 444 имарат кыйраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан