Түркияда 104 саат урандылардын астында калган жаран чыгар замат Куран окуду (видео)

Түркияда жер титирөө болгондон 104 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан Осман Фырат аттуу жаран тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Анда окуя Кахраманмараш шаарында орун алгындыгы айтылат. Урандылардан чыгарылып жатканда Курандын "Бакара" сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуп баштаган Осман Фырат өзүн тынчтандырууга аракет кылган куткаруучуларга ыраазычылык билдирди. Андан соң "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилди.

Ошондой эле куткаруучулар жер титирөөдөн кийин бүгүнкү күнгө карата 700 кишини урандылардын астынан аман-соо чыгарганы айтылат.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 18 миң 342ге жетип, 74 миң 780 адам жаракат алды. Ал эми Сирияда табият кырсыгынан кеминде 3 162 адам көз жумду.

Видео: ТРТ Хабер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-02-11 01:28:00
Алла-таала улуу зат, кишинин ичээр суусу алдыда көп экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан