"Сөктү, биз жооп кайтардык". Депутат Абиров сабады делген күзөтчүнүн шериги окуя тууралуу айтып берди

Бишкектеги кафелердин биринде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мушташка катышкан окуя боюнча Абировдон таяк жеди делген күзөтчүнүн жанындагы шериги окуя тууралуу айтып берди.

Анын кыскача маегин NazarNews ютуб каналы 13-мартта жарыялаган. Анда өзүн Адис Айбек уулу деп тааныштырган жаран ошол күнкү окуя боюнча маалымат берген.

"Ошол түнү саат 12лерден кийин бизге чалуу келди. Биз барсак кафенин ичиндеги столдордун биринде 3 адам отуруптур. Аларга барып өзүбүздү тааныштырып, "бул жерде ызы-чуу кылганга болбойт" деп жакшынакай эле айттык. Аларга бизди сөктү, биз да аларга жооп кайтардык. Анан жүргүлө сыртка чыгып сүйлөшөлү деп эле чыгып баратканбыз. Аңгыча эле башка столдо отургандар чуркап келе калып эле бизди желкеден алып сыртка сүйрөп чыкты, ошентип мушташ башталып кетти. Биз деле анын депутат экенин тааныган эмеспиз", - деди күзөт кызматкери.

Ошондой эле ал эки бөлөк столдо отурган кардарлар бири-бирин тааныбай тургандыгын, депутат Абиров жанындагы шериктери менен жаңжалга өздөрү аралашканын билдирген.

"Депутат бизге эч нерсе деп сүйлөгөн жок. Биз тиги үч кишини сыртка чыгарып баратканда эле ал келип бизди желкелеп сыртка алып чыкты. Андан аркысын өзүңөр деле видеодон көрдүңөр да. Көрсө ал мас болчу экен да", - деди ал.

Адис Айбек уулу жеңил жаракат алганын, учурда абалы жакшы экенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, өткөн жекшембиде Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги жана ал мекеменин күзөт кызматкерин сабап салганы айтылган болчу.

Жабырлануучу баш сөөгү жабыркап Улуттук госпиталга түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, Абиров соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын билдирген. Алар кечээ, 15-мартта СИЗО-1ге бир айга камакка алынганы маалым болду.

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.

Андан соң Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, тараптар элдешкени маалым болгон.

Бүгүн социалдык тармактарда аталган мушташ башталардын алдындагы видео тарады.

Видео: NazarNews
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан