6-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев, Надира Нарматова жана Динара Ашимова маалымат жыйынын өткөрүп, “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпы өндүрүшүн жана Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев иликтөө ишинин жыйынтыгында уурдоо фактылары, сакталган жана сатылган алтындын саны, сапаты жана наркы боюнча маалыматтарды атайылап бурмалоо жагдайлары аныкталбагандыгын белгиледи.
Малиевдин айтымында, Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында 1362,03 килограмм кыргыз алтыны сакталууда. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө алтындын жалпы кору болжол менен 47 тоннаны түзөрүн билдирди.
2023-жылдын 26-январына карата Улуттук банкынын кассасындагы алтын запастарынын кору 43 944,13 килограммды түзгөн, азыр 45 306,16 килограмм.
Эл өкүлдөрү Надира Нарматова менен Динара Ашимова депутаттык комиссия Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” кенинин, “Кыргызалтын” ишканасынын нефтини кайра иштетүүчү заводунун, Кара-Балта шаарындагы Борбордук илимий лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып, Улуттук банктын алтын сактоочу жайларын көрүп чыгышканын белгилешти.
Комиссиянын мүчөлөрү “Кумтор Голд Компани” ишканасы Кыргызстанга өткөндөн кийинки алтын казуу жана аны сатуу жаатындагы ишмердүүлүгү иликтенгенин айтып, чарбалык ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелелер каралбагандыгын кошумчалашты.
Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Мындан улам өткөн жылдын 28-сентябрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал эми Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында комиссиянын корутундусу боюнча маалыматтар угулуп, эске алуу чечими кабыл алынган.