Владимир Путин Херсон жана Луганск облустарына барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Херсон жана Луганск облустарына барып, аскер башчылардын докладдарын укту. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, иш сапары учурунда Путин аскерлерден Херсон жана Запорожье багыттары боюнча кырдаал тууралуу өз пикирлерин билдирүүнү суранды.

"Кырдаал кандай өнүгүп жатканы тууралуу сиздердин пикириңизди угуу, маалымат алмашуу мен үчүн маанилүү", - деген Путин.

Ал ошондой эле аскер кызматкерлерин Пасха майрамы менен куттуктап, Орусия империясынын эң ийгиликтүү коргоо министрлеринин бирине таандык иконанын көчүрмөсүн тапшырды.

Кийинчерээк Кремлдин басма сөз кызматы Путиндин бул иш сапары алдын ала пландалбаганын жарыялады.

Путин алгач согуш болгон бул аймактарга 19-мартта барган. Анда Путин Мариуполь шаарына тик учак менен барып, бир нече райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан