Менин жерим: Мамлекеттик ишмер Медет датка жердеген Кочкордун айтылуу Ак-Талаа айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ак-Талаа айылы тууралуу сөз кылабыз. Айылдын бай тарыхы, калктын турмушу, маданий мекемелер тууралуу "Ак-Талаа жаштар уюму” коомдук бирикмесинин төрагасы, тарых изилдөөчү, публицист Рахмат Өмүрбек уулу айтып берет.

Ак-Талаа айылы жөнүндө жалпы маалымат

Калкынын саны 2019-жылкы эл каттоонун саны менен айылда 1 миң 200 адам жашайт. Негизинен айылга "Азык", "Саяк", "Сарбагыш" уруулары отурукташкан.

Үй чарбалардын саны - 200

Каржылык кирешеси, жалпы Кара-Суу айыл өкмөтүнө тийиштүү. 85 пайыз мамлекеттик дотацияда. Калган 15 пайызы каржылык кирешеси Салыктын ар кандай түрлөрүн түзөт.

Айылда 11 дыйкан чарба орун алган. Айыл чарбалык коопоративтер, негизинен үрөн чарбасы боюнча.

Айылда "Ак-Талаа" мал дарылоо сервиси жайгашкан.

Кара-Суу айыл аймагындагы Ак-Талаа айылы, Кочкор кыштагынан 42 чакырым батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 102 чакырым, Бишкек шаарынан 216 чакырым алыс аралыкта жайгашкан. Деӊиз деӊгээлинен 2 миң 100 метр бийиктикте орун алган чакан айыл.

Айыл батышынан Мантыш,Түндүк батышынан Кызыл-Дөбө,Түштүк батышынан Узун-Булак,Түштүк чыгышынан Ак-Чий, чыгышынан Ак-Учук, Түндүк чыгышынан Орток айылдары менен чектешет.

Айыл архивдик маалыматтын негизинде 1940-жылы айыл статусуна ээ болгон жана ошол убактан тарта айыл катары эсептелип келет. Айылдын аймагы кенен келип, узунунан 11-12 чакырымды (Ак-Учук айылынан Мантыш айылынын ортосу) түзүп, туурасынан эӊ кыска жери 1,5 чакырымды, эӊ узун жери 4,5 чакырымды түзөт. Айыл Кочкор өрөөнүнүн күн батыш тарабында жайгашып, Кочкор айланма авто жолунун боюнан орун алган.

Ак-Талаа айылында ушул күндө атактуу айылдын инсандарынын атын алып жүргөн төрт көчө, Азис Абдыкеримов атындагы 11 жылдык орто метеп (1982-жыл) толук кандуу шарты бар. "Байчечекей" Кара-Суу бала бакчасы (1957-жыл), эки кабатту маданият үйү (1989-жыл), Мечит (2014-жыл), Айылдык фельдшердик акушердик медициналык пункт (2008-жыл), Ветеринардык малдарылоо сервиси (2015-жыл) Айылдык китепкана (2015-жыл), “Ак-Талаа жаштар уюму” коомдук бирикмеси( 2019-жыл), Жаштар комитети (2017-жыл), футбол аянтчасы, Арстанбек Рысбеков атындагы ат майданы (2017-жыл) жана бир нече спорттук аянтчалар жайгашкан.

Борбордук көчөсү түнкү шам чырактар менен жарыктандырылган, асфальт төшөлүп, эл кызматына берилген.

Санжырасы

Айылда биринчилерден болуп саяк уруусунан Курманкожо уругунун бийи Жакшыбайдын улуу баласы Эдилдин Жумгал жергесинен көчүп келип отурукташканына байланышат. Эдил түндүк кыргыздардын ичинде элчилик кызматты аркалаган. Ал 1710-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын иниси Келдибек бий, эл журт башкарган чыгаан инсан болгон. Андан Нүсүп бий, Балбак баатыр, Байтүгөл тараган. Байтүгөлдөн айтылуу түндүк кыргыздардан чыккан мамлекеттик ишмер Медет датка тараган. Медет датканын күмб­өзү биздин Ак-Талаа айылында орун алган.

Азык уруусунун келиши Орман хандын тушунда 1824-жылдарга такалат. Төрөгелди баатырдын жигити болгон Дегенбайдын бул аймакка келип калышы менен азык уруусунун Бөрү уругу Ак-Талаа айылында түтүн булатып туруп калышкан. Дегенбай Белек уулу 1803-жылы жарык дүйнөгө келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан