"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айылы тууралуу сөз болот. Айылдын климаттык өзгөчөлүктөрү, көз жоосун алган жаратылышы, жөнөкөй калкы тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Мээримгүл Жумабек кызы баяндап берди.
Ой-Тал айыл өкмөтү 1996-жылы уюшулган. Айыл өкмөтүнүн курамына эки айыл кирет: Ой-Тал, Көңдүк айылдары. Айыл Ош облусунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Облустун борборунан 195 чакырым, Кара-Кулжа районунан 76 чакырым алыстыкта орун алган. Деңиз деңгээлинен 2200- 2500 метр бийиктикте жайгашкан.
Калкынын саны - 2 миң 76. Айылда 359 кожолук бар.
"Айылдын аталышы кандайча келип калгандыгын чоң атам мындай деп айтып калар эле "Биздин айыл бекеринен Ой-Тал аталып калган эмес. Илгери эл отурукташып баштаганда, айыл арасы тал-теректерге бай эле. Эл да таап сүйлөйт да, ооздон-оозго алынып жүрүп, ушундай аталып калды", - деп.
Айылда оорукана, мектеп, мечит, бала бакча, спорттук зал, маданият үйү, өкмөт үйү жана китепкана бар.
Мектепте 40ка жакын мугалим сабак берип, 400гө чукул окуучу билим алат. Окуучулар предметтик олимпиадаларга активдүү катышып, ийгиликтерге жетишип келишет.
Китепканада 7 миңге чукул китеп (китептер жаңылана элек, жаңы китептер аябагандай аз санда) бар.
Айыл этегинен Тар дарыясы агып өтөт.
Кара-Кулжа району боюнча эң бийик Кара-Тума тоосу биздин айылда орун алган. Кара-Тума - түндүгүнөн Карабел ашуусу, түштүгүнөн Атжайлоо тоосу, батышынан Кичи Кара-Тума өрөөнү, чыгышынан Чоңказык өрөөнү менен чектешет. Түндүк батышынан түштүк чыгышты карай 9 чакырымга созулат. Тоонун дал ортосунан Кара-Тума чокусу (4426,3 метр) орун алган.
Тоо палеозойдун кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат. Рельефи аска-зоокалуу жана кокту-колоттуу. Капталдары өтө тик. Кырында байыркы денудациялык түздүктөр сакталган. Чокуларында чакан мөңгүлөр бар. Батышынан Кичи-Каратума, түштүк чыгышынан Чоң-Каратума суулары башталат. Капталынын төмөнкү бөлүгүндө бадалдуу субальп, андан жогору альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү.
Бели бышык элибиз тиричиликке тың. Жер айдашат, мал багышат.
Жаз мезгили кечигип келет. Айылыбызда алты ай кыш мезгили өкүм сүрөт. Апрель айынын аягында кар кетип, май айынында жер көктөнүп, ыраң тартып калат. Айыл тургундары май айынын аягында жайлоого көчүп чыгып кетишет да, сентябрь айларында көчүп келишет.
Дартка даба дарылык касиети бар өсүмдүктөрдөн: акорот, ак кодол, кийик от, козу кулак, миң тамыр, бозначты кезиктирүүгө болот.
Элибиз үйгө келген конокту дасторкон жайып, эт тартып, даам таттырмайын үйүнөн узатып чыкпаган, меймандос келет. Жакын, эшиктеш кошунасы үйүнө кирип барса да, көпкө көрүшпөй калган жакын адамындай, жүзү жайнап, чекеси жарык, сыпайы тосуп алат", - деп Мээримгүл айыл тууралуу кеп салды.
"Ала-Тоосунан ак кар кетпеген, асман тиреген аскалуу, бийик зоокалуу, шибер чөптүү, кыры оттуу көптөгөн кооз жайлоолор бар. Алар: Казык, Ача, Муздуу-Колот, Баба, Коён-Жылга, Дардаң-Көл, Бел жана башкалар.