Менин жерим: Хоккейчилери Ысык-Көл облусунун алдыңкылары болгон Долон айылы тууралуу баян кылабыз
"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Долон айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, климаты, элдин чарбачылыгы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Данияр Турдуманбетов баяндап берди.
- Долон айылы Арал айыл аймагына кирет. Аймакта беш айыл бар. Долон айылынын кооздугуна, элинин биримдүүлүгүнө суктангандар жок эмес. Айылыбызда чакан көл бар. Жайкысын эл көлгө түшүп эс алышса, кышкысын чана тээп ойношот. Айылга башка аймактардан да келип эс алгандар көп. Долон көлүнүн айылга өтө чоң пайдасы бар, касиеттүү десек болот. Тургундар көлдүн суусун сугатка пайдаланышат, жайкысын эс алуучу, балык уулоочу жай, кышында балдар үчүн муз аянтчасы, табияттагы канаттуулардын байырлоочу жайы жана башка деги көп пайдасын көрүп келебиз.
Айыл эмне себептен Долон болуп аталып калганы тууралуу айыл тургуну буларга токтолду: "Долон айылы жөнүндө айтылган уламыштарга таянсак, "Долон" деп аталып калышы айылдын түштүк батышында жайгашкан, топ болуп өсүп турган долоно бактары бар, ошолорго байланыштуу. Илгерки убактан бери тоо арасында суусуз, ээн жерде өскөн бул бактарды ата-бабаларыбыз "ыйык" деп эсептеп, сыйынып келишкен. Ошол себептен биздин айылдын аты "долоно" деген сөздөн кыскарып "Долон" деп аталып калган деп айтышат. Мурунку мезгилде айылдагы Долоно мазарга ат арытып келип, мал союп, дуба кылып, сыйынышкан. Долоно багы байыртадан эле өзгөчө мааниге ээ болуп, аяр мамиле жасашкан".
Качкын Уметалиев атындагы орто мектеби
Долон айылынын жаштары ар тараптан мыкты. Айылдын футбол командасы, хоккей боюнча командасы аймактарда мыктылыгын көрсөтүп, башкы орундарды ээлеп келет. Спортсмендердин айылы десек да жаңылышпайм. Облус боюнча хоккей жактан бизге атаандаш азырынча жок, дайыма биринчиликти бербей келебиз. Алыскы шаарларда жашаган Долон айылынын жаштары, тургундары айылга жана өзгөчө спорт жаатында өз салымдарын кошуп жаткандары бизди кубандырат.
"Долон" хоккей клубунун курама командасы
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз. Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!