Коомчулукта ажырашуудан кийин баласына жоопкерчилик алуудан качкан, алимент төлөөдөн баш тарткан ата-энелер аз эмес экендиги айтылып келет. Балага кам көрбөгөн ата-энелерди канткенде жоопкерчиликке чакырса болот? Алимент төлөбөгөндөргө кандай чара колдонулат? SUPER.KG порталы ушул жана башка суроолорго жооп издеп көрдү.
Сот департаментинин расмий маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда баласына алимент төлөбөй издөөдө жүргөн 1753 ата бар. Ал эми Акыйкатчы институтуна жыл башынан бери алимент өндүрүү боюнча үч арыз түшкөн. Алардын баары аялдар тарабынан жазылган.
Акыркы жети жылдан бери 34 жаштагы Азиза (аты өзгөртүлүп берилди) беш баласын өзү жалгыз багып келүүдө. Ал 17 жашында турмушка чыккан, кийин жубайлар үй-бүлөдөгү келишпестиктен эки ажырым жолго түшкөн.
Балдардын атасы бардык жоопкерчиликтен, анын ичинде алимент төлөп берүүдөн баш тарткан. Азиза укук коргоо органдарынын эшигин каккылап, балдарын өз фамилиясына жаздырууну тилек кылып келет. Ал азырынча алимент өндүрүү машакатынан майнап чыкпай жатканын айтты.
"Кичинемде ата-энемдин эрке кызы болуп, жашоонун кыйынчылыгын деле көргөн жокмун. 17 жашымда турмушка чыктым, 5 балалуу болдук, кайын журтум менен 10 жыл жашадым. Он жыл бою чыдап, жашоомдун оңолушун күттүм. 2016-жылы балдарымдын кичинекей кезинде ажырашып кеткенбиз, бир жыл ата-энемдин үйүндө жашадым. Кийинки жылы Кара-Балтага келгенбиз, бир бөлмөлүү батирде жашадык. Атасы балдарын сурап бир да жолу келген жок. Балдарымдын үчөө мектепке кире турган убагы болуп калгандыктан документтер толук болбой, сотко кайрылганга туура келди. Арыз жазып, мыйзамдуу ажырашканбыз. Ошондо балдарыма алимент төлөнөт деген чечим чыккан. Бирок жолдошум "шартым жок, бербейм" деп төлөбөй койду. Азыркы күндө алименттин суммасы миллионго жетип калды, эч аракет кылбай койду. Балдарымдын улуусу он беш жашта, кичүүсү сегизде. Балдарымды өз фамилияма жаздыра албай жатам", - дейт каарманыбыз.
Бүгүнкү күндө Азиза өңдүү баласы менен жалгыз калып, алимент өндүрө албай жүргөн келиндер ондоп саналат. Ал эми ошол эле маалда сотко кайрылгысы келбей, балдарын өз алдынча баккан жалгыз бой энелер дагы жок эмес.
Аялы бар экенин билбей жигитине алданган Жибек (аты өзгөртүлүп берилди) жыйырма үч жашында эне болгон. Ал баланын атасы менен курбусу аркылуу таанышкан. Жигит башында аны жолугушууга чакырып жүргөнү менен кыз кош бойлуу экенин укканда кабарын толук үзгөн. Цехтеги кийим тигүүдөн түшкөн акча деле баланын тамагы, кийим-кечесинен ашпай кыйналган жаш келин азыр батирде күн кечирип келет.
"Ал бала менен батирде чогуу жашап жүргөн дос кызымдын жигити аркылуу таанышканбыз. Бир нече жолу жолугушууларга чакырды, барып жүрдүм. Ошентип кыз-жигит катарында жакшы болуп кеттик. Ал баланы мурда үйлөнгөнүн билчүмүн, бирок мага ажырашып кеткенин айткан. Ишендим, бирок мени алдап, аялы менен ажырашпай эле жүргөнүн кийин кош бойлуу болгондо билдим. Ал менен турмуш куруп, бир үй-бүлө болобуз деген жакшы ниетте элем. Кош бойлуу экенимди билгенде бир топко чейин стресс болдум, эч кимге да айткан жокмун. Төрөгөндөн кийин гана апам менен сиңдим эле билди. Атама айткандан азыркы күнгө чейин корком", - дейт ал.
Жибек баласын өз фамилиясына жаздырып алган. Элдин сөзүнөн айбыккан келиндин эки жаштагы кызына атасынан алимент өндүрүүгө эрки жетпей келүүдө.
"Баланын атасы кызым төрөлгөндөн кийин курбум аркылуу байланышып жүрдү. Баланын сүрөтүн жөнөткөндөн кийин кабарын толук үздү. Азыр кайда, эмне кылып жүргөнүн билбейм. Кызым 2 жашка чыкты, өз фамилияма жаздырып алгам. Кээде шартыбыз жокто алимент өндүрүп алсамбы дейм. Бирок ага эрким жетпей жүрөт, сотко чейин барып, ызы-чуу кылгым келген жок. Анын үстүнө туугандарым, айылдагылар да билбейт, элдин сөзү ата-энемди басынтып жибереби дейм", - деди Жибек.
Укук коргоочулар, адатта балага кам көрбөгөн атаны канткенде жоопкерчиликке чакырса болорун билбеген, ошол эле учурда сотко кайрылуудан баш тарткан аялдар көп экенин белгилеп келишет. Буга Азиза менен Жибектин окуясы мисал боло алат.
Юрист Талгат Абдыжапаров жогорудагы каармандарыбыздын жагдайына окшош учурлар болсо, сотко кайрылуу керектигин эскертет. Соттун чечимине ылайык, алимент төлөбөгөндөргө Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси менен 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салынып, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартыларын айтты. Ошондой эле ал жашы жете элек балдарга төлөнө турчу алимент тууралуу суроолорубузга жооп берди.
Алимент өндүрүү үчүн сотко керектүү документтер:
Алимент алуу үчүн эмне кылуу керек?
- Мыйзам боюнча азыркы учурда алиментти алуу үчүн бир нече ыкмалар бар. Мындай учурда жубайлар өз ара деле макулдашып алса болот, же болбосо соттук тартипте өндүрсө болот. Тиешелүү сот органдарына алимент өндүрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылып, алимент жана анын өлчөмүн тактап өндүрүп алса болот. Алимент өндүрүү арызында алиментти акчалай, туруктуу акчалай түрдө же эмгек маянасынан кармап калуу учурларын тактап жазуусу зарыл.
Алименттин өлчөмү:
- Алименттин өлчөмүн аныктоодо алимент алуучуну тактоо зарыл. Анткени алименттин өлчөмүн мыйзамга таянып сот гана аныктай алат.
Жашы жетпеген балдарга алимент өндүрүү керек болсо, эгерде алимент жөнүндө макулдашуу жок болгондо аларга алимент сот тарабынан ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-энесинин иштеп тапкан жана (же) иш жүзүндөгү кирешесинен төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы. Бул үлүштөр сот аркылуу азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
Алимент алуу үчүн нике күбөлүгүнүн болуусу маанилүүбү?
- Бала никесиз төрөлгөн учурда дагы алимент алууга болот. Кандай гана жагдай болбосун никесиз балдарын тарбиялаган эне 2 жол менен алиментти өндүрүп алса болот:
Кандай учурда алимент төлөөдөн бошотулат?
Колунда эч нерсеси жок же жумушсуз адамдан кантип алимент өндүрсө болот?
- Мындай учурда аны алимент төлөөдөн бошотпойт. Алимент төлөөчү жашаган аймагындагы орточо эмгек акынын эсептик суммасынын негизинде белгиленген өлчөмдө алимент төлөйт.
Алимент төлөбөсө ата-эне укугунан ажыратылышы мүмкүнбү?
- Үй-бүлө кодексинин 74-беренесине ылайык, эгерде ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса, ата-энелик укуктардан ажыратылат. Бирок алимент төлөөдөн бошотулбайт. Ошондой эле баласынан баш тарткан күндө да алимент төлөөгө милдеттүү.
Алимент төлөөдөн баш тарткан учурда кандай чара көрүлөт? Алименттен качуунун жазалары
- Эгер алимент төлөбөй жүрө берсе, макулдашууда каралган тартипте жоопкерчилик тартат. Соттун чечими менен алимент төлөй турган адам кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан экиден бир пайыз үстөк айып төлөйт.
Алимент төлөбөгөндөргө Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси менен 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салынып, кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат.