Белгилүү футбол жылдызы Лионель Месси АКШ лигасында жараткан акыркы голдорун америкалык "супер баатырлардын" стилинде белгиледи. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
"Интер Майами" 26-июлда "Атланта Юнайтед" менен беттешип, 4-0 эсебинде жеңишти камсыздады. Аталган оюн Мессинин АКШдагы экинчи беттеши болчу. Аргентиналык чабуулчу ал оюнда 2 гол киргизип, футбол тили менен айтканда дубль жасоого жетишти. Месси анда голдорунун бирин талаа четинде белгилеп жатып, "Marvel" компаниясынын "супер баатыры" Тордун кыймыл аракетин жасады. Футбол жылдызынын бул аракети көпчүлүк күйөрмандардын кызыгуусун жаратты.
Ал эми кечээ, 3-августта Лигалар Кубогунун 1/16 финалдык баскычындагы "Орландо Ситиге" каршы беттеште Мессинин командасы 3-1 эсебинде жеңишке жетишти. Месси ал оюнда да 2 гол жаратты. Бул жолу ал голун "Marvel дин" дагы бир "супер баатыры" болгон "Черная пантеранын" образында белгиледи.
Футбол сүйүүчүлөрү Лионель Мессинин бул аракеттерин жергиликтүү футбол күйөрмандарына жана америка элине болгон сый-урмат катары баалашууда.
Белгилей кетсек, Лионель Месси "Интер Майами" клубуна кошулгандан бери 3 оюн өткөрүп 5 гол киргизди. Ошондой эле бир жолу голдук пас чыгарып берди. "Интер Майами" 6-августта Лигалар Кубогунун 1/8 финалында "Даллас" клубу менен күч сынашат.