Алматыдагы өрттө баласын терезеден ыргыткан аял жазаланабы? Казакстандын ИИМ жетекчиси жооп берди

Казакстандын Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жыйында Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди.

Журналисттер ошондой эле министрден балдарын терезеден ыргыткан аял жоопкерчиликке тартылар, тартылбасын сураган. Анда министр иликтөө иштеринен кийин өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып, ар биринин аракетине юридикалык баа берилерин билдирген.

"Биз азыр айта албайбыз. Тергөө болушу керек. Дегеле бул окуя эмне үчүн болду? Биз ушундан башташыбыз керек. Андан кийин анан адамдардын иш-аракеттери. Ар кимдин психикасы ар кандай. Бул өрт кимдин айынан чыкты, аны тергөө аныктайт деп ойлойм", - деген Ахметжанов.

Эске салсак, 1-августта Алматы шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинде ири өрт чыккан. Түтүндөн качкан тургундар батирлеринин терезелеринен секирип, балдарын сыртка ыргытышкан. Өрттөн 43 адам жабыркап, 1 аял каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан