Улуу Британияда Гүлнора Каримованын миллиондогон долларлык кыймылсыз мүлкү конфискацияланды

Улуу Британиянын ири өлчөмдөгү алдамчылык менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдары Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнора Каримованын үч элиталык кыймылсыз мүлкүн конфискациялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Каримованын Белгравиядагы эки батири жана Суррейдеги сарайы конфискацияланган. Андагы кыймылсыз мүлктүн баасы 20 миллион фунттан (25,4 миллион доллар) ашык экени айтылууда.

"Бүгүнкү күндө бул объектилерди көзөмөлгө алуу үчүн биз бир нече эсептер жана компаниялар менен байланышкан татаал финансылык схеманын бетин ачтык. Бул чечим Улуу Британиядагы "ыплас" акчаларды жок кылуунун дагы бир кадамы болуп саналат", - деген алдамчылыкка каршы күрөшүү бюросунун директору Лиза Ософски.

Мекеменин маалыматына караганда, Каримова 2004-2012-жылдары телекоммуникация компанияларынан өзбек рыногуна кирүү үчүн жүздөгөн миллион доллар пара алган. 2020-жылдын март айында Ташкент шаардык соту Гүлнара Каримованы кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана мамлекеттик мүлктү уурдоо беренелери боюнча 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан. Азыр Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы абакта.

Ошондой эле Гүлнора Каримованын Швейцария, Франция, АКШ жана башка мамлекеттердеги активдеринин жалпы суммасы дээрлик 1,4 миллиард долларга жакын экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан