АКШнын Гавайи штатындагы токой өрттөн каза болгондордун саны 53кө жетти. Бул тууралуу кечээ, 10-августта Мауи округунун бийлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Бүгүн Лахайна шаарына жакын жердеги өрттүн кесепетинен дагы 17 адам каза болгону тастыкталды. Жалпы каза болгондордун саны 53кө жетти", - деп айтылат жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда штаттын губернатору Жош Грин CNN телеканалына берген маегинде курмандыктардын акыркы саны 60 адамдан ашышы мүмкүн экенин белгилеген. Гавайинин сенатору Брайан Шатц белгилегендей, Гавайидеги Лайхана шаары дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Өрттөн шаардын бир нече курорттук жайлары, анын ичинде бир нече музей жок болгон. Бийлик шаарды калыбына келтирүүгө бир нече жыл керектелерин билдирген.
Учурда катуу соккон шамалдан улам өрттүн алдын алуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.
Эске салсак, кечээ Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен массалык эвакуациялоо иштери жүрүп жатканы айтылган болчу.