Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Супер-Инфонун" суроосуна жооп берип жатып "бүгүнкү алып жаткан кредиттердин изи калат" деди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн маалымат жыйынында "Супер-Инфо" гезитинен берилген суроого жооп берди. "Буга чейин ар кандай иштер үчүн чоң суммадагы гранттар, кредиттер алынып, бирок анын жыйынтыгы канааттандырарлык болбой, акчанын дайыны жок кеткен учурлар өткөн. Бүгүнкү күндө ал карыздарды төлөө бюджеттин кайсы бир бөлүгүн түзүп келет. Сиздин тушуңузда Кытайдан берилүүчү кредиттер менен Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорлору ишке ашканы турат. Ушул акчанын натыйжалуу жана өз дарегине колдонулушуна кандай аракеттер көрүлөт?" деген соболго президент төмөндөгүчө жооп узатты:
"Албетте, бир топ кредиттер алынган, азыр да алынып жатат. "Кредит албаш керек" деген сөздөрдү угуп жатам. Айрыкча мурунку кредиттерди алсак, алардын изи калган эмес. Мисалы, Австралиядан кезинде 16 миллион долларга кочкорлор алынып келинген. Бүгүн кочкор да жок, бирок карыз калган. Ушундай кредиттер көп болгон.
Бирок азыр биз алып жаткан, ишенип койгула, Түндүк-Түштүк жолу калат да. Ачылышына үлгүрбөй калсам да, жакынкы төрт жылдын ичинде анын бир топ жери бүтүп калат. Ошол Бишкектеги Жылуулук электр борбору боюнча бир топ ушак жана кыйкырыктар орун алды. Өзүм элчилик аркылуу Кытай өкмөтүнүн катын алдым. Анда "ушул фирмага кепилдик беребиз, ишти жакшы жасап берет" деп жазылат. Анын үстүнө биз алып жаткан кредиттердин мөөнөтү узак, 30, 40 жылдык. Үстөк пайызы да арзан.
Жол үчүн, энергетика үчүн кредит албасак, жарык өчүп турса, бир айылдан экинчиге бара албай турсак, Кыргызстандын келечеги жок болот. Азыр алган кредиттердин изи калат: жол, ГЭС, Жылуулук электр борбору. Эки жыл иштеген убакытта 600 миллион долларга жакын кредит кечилди.
Кээ бир мамлекеттер, ошол эле Украина жетиштүү кредит ала албай жатат. Жакында эле биз Европалык союздан 30 миллион долларды албай койдук. "Кереги жок" дедик. Кудайга шүгүр, Кыргызстанга ишеним бар, арзан кредит берилип жатат. Бирок алганда да, сиз айткандай, ойлонушубуз кажет, ал накта керектүү, күйүп жаткан ишке жумшалышы керек",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан