Прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун блогер Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти сотто кайра кароо өтүнүчүн берди. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ырыс Жекшеналиевдин иши 1,5 жылга созулду. Анда прокуратура Ырысты жети жылга кесүүнү сураган. Эми ишти кайра кароого жибергиле деп жатат", - деп жазган укук коргоочу.
Белгилей кетсек, 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган айыптарды алган.
Жекшеналиев 2022-жылы 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин "Жетим-Тоонун" казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган.
Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.