Менин жерим: "Обончу, төкмө, чебердин, Ордосу миң түр өнөрдүн". Айтылуу Токтогулдун Жаңы-Жол айылы жөнүндө баяндайбыз

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айылы тууралуу сөз болот. Айылдын ажайып кооз жаратылышы, административдик мекемелер, таланттуу инсандары тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Аскат Мокоев баяндап берди.

Жаңы-Жол айылы деңиз деңгээлинен 940 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 3 чакырым батыш тарапта, Таш-Көмүр темир жол бекетинен 186 чакырым алыстыкта жайгашкан.


"Жаңы-Жол айылы 1928-жылдары колхоздоштуруу мезгилинде Тоокарын, Капкаташ, Майбулак кыштоолорунда жашаган элди колхоздоштуруу үчүн жаңы жол салып, азыркы айыл турган жерге кɵчүрүлгɵн. Бул жер эгин айдалган боз талаа болгон. Кɵчүп келгендер кɵчɵлɵргө жайгаштырылып, турак жайлар курулган. Ошондон улам Жаңы-Жол айылы деп аталып калган. Азыркы учурда Жаңы-Жол айыл ɵкмɵтүнүн айыл аймагына Казы-Жар, Итагар, Yч-Чат, Чоң-Жапыртмак, Кичи-Жапыртмак, Кемпирɵлдү, Чара, Кара-Журт жайыт жерлери карайт. Ɵзɵндүү суулардан Чоң-Чычкан, Бала-Чычкан, Кодул суулары аймактын карамагына кирет.


Жаңы-Жол айылы Токтогул суу сактагычына жакын жайгашкан жана Чычкан жайлоосу да алыс эмес болгондуктан айылда жай мезгилинде күндүн температурасы 30-35 градуска чейин жылыйт. Кышкысын суу сактагычтын таасиринен улам кар калын жаабай, жааса да көпкө турбайт. Мына ушундай ɵзүнүн "микро климаты" бар керемет айыл", - деп баяндады Аскат Мокоев.

Айылдын тургундары негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Акыркы күндɵрү суроо-талап жогорулагандан улам балык чарбачылыгы менен да алектенгендер бар.

"Айылыбыздан элибизге эмгеги сиңген мамлекеттик кызматкерлер, согуштун ардагерлери, эл агартуунун мыктылары жана кɵрүнүктүү маданият кызматкерлери чыккан. Алар Абдрахман Султанбаев, Мусулманкул Умаров, Сасыке Тыналиев, Узеке Жолдошбаев. Мындан сырткары кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал өнөр адамдары дагы чыккан. Алсак, белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев Жаңы-Жол айыл аймагында жарык дүйнɵгɵ келген".

Айылда мектеп, китепкана, ФАП, спорт зал, маданият үйү бар.

Токтогул суу сактагычы

Суу сактагычтын жээгинде айыл тургундары дыйканчылык менен алектенишип, күз, кыш мезгилинде малды жайышат.

Айылдык китепкана

Айылдын "Ак элечек апалар" тобу
Франция жана Токтогулдун командалары таймашкан Хорсбол оюну. Эл аралык чемпионат бир канча ирет Жаңы-Жол айылында болуп өткөн.
Эл агартуунун отличниги Ниязбек Мураталиев атындагы кичи футбол аянтчасы
Айыл элин суу менен камсыз кылган Чычкан суусу

"Ар бир адам үчүн өлкөсү, анын ичинде кичи мекени ыйык. Адал иш, аруу ниет менен мекенге кызмат кылсак деген изги максат ар дайым көкүрөгүмдө жашап келет", - деп сөзүн жыйынтыктады Аскат Мокоев.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан