"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Мантыш айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, кооз жаратылышы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Ализа Байсейитова баяндап берди.
Бекер жерден дене кантип балкысын,
Туулган жерим сен деп жүрөк жаркысын.
Алыс кетсем дароо сени сагынам,
Киндик каным тамган жерим Мантышым!
"Биздин айыл бийик тоолуу келип, жай айлары салкын, кышы жылуу. Көбүнчө дыйканчылык, мал чарбачылык менен эмгектенишет. Айылыбыз таза суу менен камсыз болгон. Ажайып көрктүү Сөөк жайлообуз бар. Сөөк суусу менен сугат иштери камсыз болот.
2019-жылы 280 орундуу заманбап шарттары менен камсыздалган жаңы курулган Таалайбек Курткаев атындагы орто мектеп ишке киргизилди. Учурда жайкы спорттук комплекси салынууда. Ошондой эле "Катар Чарити" кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо максатында социалдык шаарчаны куруу долбоору ишке кирүү алдында турат".
Айылдын жаратылышы абдан кооз.
"Мантыш айылы атактуу адамдарга бай. Алар:
Педагог, агартуунун уюштуруучусу Капар Кыдыралиев.
Кыргызстандын советтик соңку тарыхындагы белгилүү мамлекеттик ишмер, педагог, СССР Жогорку Советинин депутаты, профессор Карыбек Молдобаев
Мамлекеттик туунун негиздөөчүлөрүнүн бири Сабыр Иптаров.
Акын, журналист Барчынбек Бугубаев.
Белгилүү алып баруучу, ди-джей, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, телевидениенин отличниги
Салтанат Саматова
Жаш акын Темирлан Сейитбеков
Мантыш айылынын аталышы боюнча так маалымат жок. Бул өрөөндө бир нече ирет калмактардын хандыгы болгондугу дагы маалым. Ошол себептен улам биздин айылдын аты да калмактардан калса керек. Негизинен эле кыргыз тилинде "Мантыш" деген сөз калмакча "чолок же кыска" деген маанини билдирет деп айтып жүрүшөт. Чынында Мантыш айылынын түштүк-батыш тарабындагы тоолору кыска келгендиктен чолок деген ысым берилгендиги чындыкка жакын экенин айгинелеп турат. Дагы көптөгөн божомолдору бар, бирок так маалымат азыркыга чейин жок", - деди Ализа Байсейитова.