Дубайда нөшөрлөп жааган жамгыр суу ташкынына алып келди

Бүгүн, 16-апрелде Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга караганда, катуу жааган жамгыр бүгүн эртең менен башталган. Ошондой эле шаарда бороон жана катуу шамал да болду. Аба ырайынын кескин бузулганына байланыштуу Дубай эл аралык аба майданы ишин токтотту. Ал эми иш-чаралар өлкө боюнча кийинки күндөргө жылдырылууда.

Суу шаардын жолдорун жана метролорду каптап, электр энергиясы боюнча көйгөйлөр жаралган.

Өлкөнүн Улуттук метеорология борбору нөшөрлөгөн жамгыр эртеңкиге чейин уланышы мүмкүн экенин билдирди. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттик элди үйдө калууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан