Алып баруучу Айзада Жамгырчиева күйөрмандарынын бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-апрелде социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Жамгырчиева ар бир куттуктоо ээсине ыраазычылык билдирип, турмуш жолуна аттанып жатып көп берилип жаткан суроолордун бир нечесине жооп берип кетейин деп чечкенин белгилеген.
- Жолдошуң кыргыз эмеспи?
- Нукура кыргыз. Атты сүйгөн, кыргыз элине өзүнүн тармагында кызмат кылган, баатыр жигит.
-Чын эле турмушка чыктыңбы же пранкпы?
- Жок, чын! Алланын буйругу менен.
-Той качан?
- Азыр мен жеке жашоомо жана окууга байланыштуу АКШдамын. Буюрса, Кыргызстанга келгенде болот.
- Жолдошуңду көрсөт да?
- Жолдошум чыгармачылыктан алыс жана жарнама болгусу келбейт. Демек, мен анын тандоосун сыйлам!
Белгилей кетсек, Айзада Жамгырчиева кечээ социалдык тармактагы баракчасы аркылуу турмушка чыгып жатканын билдирген. Ал сөйкө салуу аземи 13-апрелде Таласта өткөнүн маалымдаган.