"Канчалаган кыйынчылыктан өтүп...". Эрдогандын колунан диплом алган Адилет менен маек 

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын алкагында бул жолу Түркиянын Полиция академиясынын магистранты, милициянын улук лейтенанты Адилет Акынали уулу менен маектештик. Балалык кыялын ишке ашыруу максатында талыкпай эмгектенип, чет мамлекетте окуп жаткан Адилет мекенге болгон сүйүүсү, максат-тилектерин сөз кылды.

Адилет Акынали уулу Баткен жергесинде 1999-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. Ал 2017-жылы Кадамжай "Семетей" лицейин аяктаган. Эки жогорку билимдин ээси Адилет төрт тилде эркин сүйлөйт. Учурда Түркиянын ИИМинин Полиция академиясында эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн магистранты.

Адилет, саламатсызбы! Кесиптик майрамыңыз кут болсун! Алгач эле эмнеге ИИМ академиясын тандап алгансыз деген суроо бергим келип турат. Балалык кыял беле же жакындарыңыздын сунушу болгонбу?

Чоң рахмат! Жаштын тилегин берет дегендей, кичинекей кезимде форма кийип, күч органдарында эмгектенгенди эңсечүмүн. Ата-энем да форма кийип эл кызматын өтөгөнүмдү аябай каалады...

Жогорку окуу жайлардын арасында ИИМдин Академиясынын аброю жогорку болуп, атайын адистештирилген жана билим берүүдөгү сапатынын жогору болгондугунан тандап алгам. 2017-2021-окуу жылдарында ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясында укук коргоо ишмердүүлүгү багытында бюджеттик негизде окуумду ийгиликтүү аяктадым. Академияда окуу менен бирге коомдук иш-чараларга катышып, Кыргызстандын атын чыгарып, көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым.

2022-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колунан диплом алганыңыз эсибизде. Сыймыктанганбыз. Бул үчүн канча мээнет жумшап, канчалаган тер төктүңүз?

Түркиянын ИИМинин Полиция академиясынын 2021-2022-окуу жылында коопсуздук стратегиялары жана башкаруу бөлүмүндө билим алууда үлгүлүү жүрүм-турумубуз, окуудагы жетишкендиктерибиз жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүбүздү жогорку деңгээлде көрсөткөндүгүбүз үчүн 2022-жылдын 1-ноябрында Анкара шаарындагы президенттик резиденциясындагы бүтүрүү аземинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан окуумду ийгиликтүү аяктагандыгым тууралуу диплом менен сыйландым. Сыйлык меники, сыймык жакындарымдыкы болду. Менин атым чыкканына эмес, кыргыз милициясынын аброюн көтөрүп, эл аралык аренада эң жогорку деңгээлде көрсөткөндүгүм үчүн абдан кубандым. Ал ийгиликти, албетте, бир күндө эле багындырдык деп айта албайм. Канчалаган кыйынчылыктан өтүп, жол көрсөткөн устаттарымдын тарбиясын алып жетиштик деп айта алам.

Билимиңизди жогорулатуу үчүн эмнеден улам Түркияны тандап алгансыз?

2021-жылы жай айларында ИИМдин академиясынан окуумду аяктагандан кийин Баткен РИИБинде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кызматында иш алып бардым. Ошол учурда ИИМдин кызматкерлеринин арасында Түркиянын Полиция академиясына окуу үчүн кандидаттарды тандап алуу боюнча сынакка катышып, окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул академияны эл аралык стандартка жооп бергени, заманбап шарттар менен толук кандуу камсыздалгандыгы үчүн тандагам. Убагында туура чечим кабыл алганыма өзүм күбө болуп аткан кезим.

Европага атайын окуу курстарына барып келипсиз. Университет аркылуу бардыңызбы?

Жок, атайын курс деп айтсак туура болбой калат. Анкара шаарында Полиция академиясында билимимди жогорулатып жатканымда Эрасмус+ (Европа Союзунун Жогорку окуу жайларынын бири-бири менен кызматташууcу жана ишмердүүлүгүн колдоочу программа) программасына атайын экзаменден өтүп, Венгриянын Федералдык академиясында окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Ал жакта жарым жыл көчмө билимимди жогорулатып, тажрыйба алып келдим десем болот.

Магистратураны аяктаган соң ИИОнун кайсы тармагында кызмат өтөөнүү көксөп турасыз?

Буюрса, аз калды эң кыска убакытта окууга жумшаган эмгегимди жыйынтыктап, мекениме кайтууну пландап жатам. "Оро албаган орокчу орок тандайт" болуп, мен ушул жерге барып ушул жерде иштешим керек деген шартты койбойм, албетте. Буга чейин жаш өспүрүмдөр менен иштешип, тергөө кызматын аркаладым. Алдыдагы эмгек жолумда бардык тармакта иштеп көргүм келет. Өзгөчө ИИМдин Эл аралык кызматташтык бөлүмүндө иштеп, колумдан келген кызматымды өтөсөм дейм.

— Академияда сабактар менен практикалык жумуштар айкалышабы?

Дүйнөнүн кайсыл жерине барба тартип сакчыларынын түйшүгү бир. Өлкөнүн ичиндеги коопсуздукту сактоо жоопкерчиликтүү жана кооптуу болуп эсептелет. Окуп үйрөнбөсөк, жашап үйрөнөт экенбиз. Мен бир нерсени айткым келет. Теорияны толук түшүнүп, кызматка киришсең, кесиптик тажрыйбада милдеттериңди аткарууда эч кандай тоскоолдуктарга дуушар болбойсуң. Түркияда калктын саны көп болгонуна жана талаптын жогорку деңгээлде болгондугу үчүн теория жана практикага өзгөчө басым жасашат. Ошону менен катар тартиптин темирдей катуу болгону суктантат.

Милиция кызматкери болом деген адамда кайсыл сыпат сөзсүз болушу керек деп ойлойсуз?

Милиция тармагында иштөө тактыкты, сактыкты жана мекенге болгон аруу сүйүүнү өзгөчө талап кылат. Тартип сакчысы болуу - бул катардагы кесиптердин бири эмес, чыныгы эр жүрөктөрдүн кесиби деп айта алам. Себеби калктын тынчтыгын камсыздоо оңой эмес жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелдикке коюуга ар дайым даяр турат. Элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн мекенибиздин алдында ант берип, мыйзам чегинде ишмердүүлүгүбүздү алпарабыз.

Сонун! Укук коргоо органдары тармагында өрнөк туткан инсандарыңыз болсо керек…

Мен укук коргоо органдары тармагында бирөөнү туу тутам деп айта албайм. Бирок, Ж.Абдырахманов, И.Арабаев, К.Тыныстанов, И.Разаковдой улуттун каймагы болгон чыныгы патриот, элибиздин эркиндиги үчүн жанын кыйган аталарыбыздан үлгү алып, ушул инсандардай кызмат өтөгүм келет.

Мени ушул эрезеге жеткирген жана колдогон ата-энеме жана жакындарыма өзгөчө ыраазычылыгымды айткым келет. Билимимди жогорулатууга шарт түзүп, колдоп бергендиги үчүн ИИМдин жетекчилик курамына ыраазычылыгымды билдирем. Алдыда окууму жыйнтыктап мекениме кайтып, өзүмдүн тармагымдын эң мыкты адис болуп эл-жерге кызматымды өтөгөнү турам. SUPER.KG порталынан эмгек жамаатына, окурмандарына алыскы Анкара шаарынан саламымды жолдоп, ийгиликтерди каалайм!

Адилет, кызыктуу меак куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Окууңузду ийгиликтүү аяктап алышыңызга тилектешмин!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан