11-12-октябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө айтылат.
Ага ылайык, бул күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү ыктымал.
13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт.
14-16-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.