Пакистандын соту экс-премьер-министр жана “Техрик-и-Инсаф” партиясынын негиздөөчүсү Имран Ханды жер боюнча махинацияга айыптап, 14 жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, коррупцияга каршы сот экс-премьер-министрди 2023-жылдын августунан бери камакта жаткан Равалпинди шаарынын гарнизондук түрмөсүндө калууга өкүм чыгарган.
Мурдагы премьер-министрдин жубайы Бушра Биби да жети жылга эркинен ажыратылган. Жубайларга 2018-жылы "Аль-Кадир Траст" кайрымдуулук уюмун жетектеп турганда пара катары жер алган деген күнөө тагылган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жубайлар күнөөсүн мойнуна алышкан эмес.
Имран Хан Пакистандын Өкмөтүн 2018-жылдан 2022-жылга чейин 4 жыл башкарган. Ал кызматынан 2022-жылы ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндөн кийин кеткен.