Сирия Асаддын режими кулатылгандан кийин Орусия менен алгачкы сүйлөшүүсүн өткөрдү 

Сириянын Москвадагы элчилиги

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары жана президенттин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов менен Сириянын Орусиядагы элчиси Башар Жафари жолугушуп, Сириядагы учурдагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр сириялык тараптын демилгеси менен өттү. Москва Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын ырастады.

2024-жылдын 8-декабрында куралдуу сириялык оппозиция Дамаскты көзөмөлгө алганын жана Асаддын режими кулатылганын жарыялаган. Мурдагы президент Башар Асад Орусиядан саясий башпаанек алган. Оппозиция лидери Ахмед аш-Шара өлкөнүн иш жүзүндө лидери, Мухаммед ал-Башир өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан